Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

«Депутатты деле кызматынан алып салса болот, ал эми жетекчи дарыгерди алганга болбойт экен»

Жогорку Кенеште ооруканалардын жетекчилерине ротация кылууну талап кылышты

Саламаттык сактоо Министрлигинде ооруканалардын жетекчилерине ротация жүргүзүлбөйт, жетекчи дарыгерлер өз кызматында 10 жылдап отура беришет. Бул тууралуу парламенттин жыйынынын жүрүшүндө депутат Дастан Бекешев билдирди.

Анын сөзү боюнча, ротация кылынбаса коррупциялык схема өнүгөт.

- Саламаттык сактоо министри күчүм жетпейт дейт, - деп белгиледи депутат. - Ал кызматтан бошотот, тиги болсо сот аркылуу кайра кызматына келип алат. Ошондой эле эмгек жамааты колдоп турса да кызматтан ала албайт. Демек, ал жерде коррупция бар. Анан ошондой жерде ротация болмок беле.

Бекешев парламенттеги өкмөттүн такай отурчу өкүлүнө ушул маселени кароону өтүнүп кайрылды.

- Депутатты да алса болот го кызматынан, ал эми дарыгерди эмнеге албайт, - деп сөзүн бүтүрдү ал.

Зулайка Эркимбаева
сүрөт www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх