Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кесиптик бирикме уюмунун кызматкерлери депутатты Каржы полициясына кысым кылганы үчүн айыпташты

Кыргыз Республикасынын кесиптик бирикме Федерациясынын башчысы Мирбек Асанакуновду кызматынан кетүүнү суранышат

Кесиптик бирикме уюмунун мүчөлөрү Кыргызстандын кесиптик бирикме Федерациясынын башчысы Мирбек Асаникуновду кызматынан кетишин талап кылышат. Бул туурасында Vesti.kg сайтына «Кыргызстан» санаториясынын директору Венера Мемандиева билдирди.

- Мирбек Асанакунов бул кызматка 2017-жылы шайланган, - деп белгиледи ал. - Ал кесиптик бирикмеде беш жылдык тажрыйбасы бар деген жасалма документ кылып, шайлоодо бул кызматка ээ болду. Эки ай өткөн соң, анын тажрыйбасы жок экендиги аныкталды. Кеңештин мүчөлөрү Каржы полициясына жана Башпрокуратурага , жана башка органдарга кайрылышты. Мыйзамсыз шайланууга документтерди жасалма даярдагандыгы фактысы менен ага кылмыш иши козголду.

Мемандиевдин сөзү боюнча, кийинчерээк иш токтотулган, бирок кылмыштын курамы жоктугуна байланыштуу эмес, мөөнөтү өтүп кеткендигине байланыштуу токтотулган.

- Биз Каржы полициясына Асанакуновдун жубайы, Жогорку Кеңештин депутаты Гүлкан Молдобекова тарабынан басым болгондугуна ишенебиз, - дейт ал. - Ошондон бери кесиптик бирикменин мүчөлөрү президентке кайрылып, ишти аягына чыгарууну өтүнүшкөн. Бирок жооп болгон жок. Жыйынтыгында биз Биринчи май райондук сотуна кайрылдык, ал жерде Асакңнакуновдун мыйзамсыз шайлангандыгын ырасташты. Анткени менен ал дагы эле иштеп жатат.
Венера Сагынбековна кесиптик бирикме уюмунун кызматкерлери Кыргыз Республикасынын мыйзамдары баарына бирдей аткарылсын деген максат менен митингге чыккандыгын да кошумчалады.

Белгилей кетели, Vesti.kg сайтынын депутат Гүлкан Молдобекова менен байланышууга болгон аракети оңунан чыккан жок.

Эльвира Алабина
Сүрөт www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх