Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Эсептөө палатасынын инспекторун бюджеттик каражаттын эсебинен Италияга мыйзамсыз жөнөтүштү

Чиновниктин чет мамлекетке жасаган саякаты мамлекетке дээрлик жарым миллион сом чыгым алып келди

Башпрокуратура УКМК коррупцияга каршы кызматы менен биргеликте жүргүзгөн текшерүүсүнүн жыйынтыгында саламаттык сактоо Министрлигинин жана Эсептөө палатасынын кызматтагы адамдары тарабынан кыянаттык менен пайдаланган фактылар аныкталды.

2017-жылы Эсептөө палатасынын кызматтык адамдары тарабынан саламаттык сактоо Министрлигинин 2016-жыл үчүн бюджеттик, атайын жана башка каражаттарынын чыгаша сметаларын аткарылышын жана түзүлүшүнө аудит жүргүзүлгөн.

2017-жылы баш оона айынын жыйырма сегизинде Эсептөө палатасынын кызматкерлери кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланып министрликтин каражатынын эсебинен Италиянын Турин шаарына Эсептөө палатасынын мамлекеттик башкы инспекторун чет өлкөлүк саякатка жиберген. Ал кызматтык милдетин аткарып, башкача айтканда аудит жүргүзүп жаткан учур болчу. Бул кызматтык милдеттенмесине каршы келет жана анын чет элдик сапары мыйзамсыз.

Жыйынтыгында Республикалык бюджеттен бөлүнгөн каражаттарды негизсиз пайдалануунун аркасында келтирилген чыгымдын суммасы 459 829 сомду түздү.

Жогорудагы аталган адамдардын иш аракеттеринен КР ЖК 320 беренесинин 4 б. каралган кылмыштын белгилери эске алынып, текшерүүнүн материалдары ЖУИ АИС ЕРП жана УКМК мамлекеттик тергөө тергөө амалдарын жүргүзүү үчүн жөнөтүлдү.

УКМК маалымат борбору
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх