Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кыргызстандын чиновниктеринин берген анты өздөрүнүн уятын козгой алабы?

Депутат Бакирдин Субанбековдун идеясын болбогон нерсе, калп эле иштеген түр көрсөтүү деп аташты

Өкмөт мүчөлөрүнүн берген антынын видеосун расмий сайттарга жарыя кылуу идеясы - кезектеги болбогон бир иш жана кыйратып иштеген түр көрсөтүү. Мындай деген оюн Vesti.kg сайтына профессор Айнура Арзыматова бөлүштү.

- Эшегине жараша тушагы, - деди ал. - Парламентте дагы элге жагына турган бир нерсени сунуш кылып жатышат. Анткени менен парламент менен өкмөттүн кылган иштеринен кийин, саясатчыларга элдин ишенимине кайрадан ээ болуу кыйын.
Өлкөдө кыжылдап жаткан көйгөйлөр турса, кантип ушундай маселе көтөрүшөт, түшүнбөйм.

Түшүндүрө кетели, бүгүн Жогорку Кеңештин пленардык жыйынында депутат Бакирдин Субанбеков өкмөт мүчөлөрүнүн берген анттарынын видеосун тийешелүү мекеменин сайтына илели деген сунуш кылды.

Депутаттын сөзү боюнча, айрым мамлекеттик кызматкерлдердин өз кадырына так калтырышын көрүп ыза болгон. Эл өкүлү сунуш кылынган чара чиновниктердин мекенчил сезимин ойготот деп ишенет.

«Бизде идеология деген жок, ошондуктан мамлекеттик кызматкерлер оюна елген нерсени кыла беришет», - деп келтиришет депутаттын айткандарын ЖМК.

Өз кезегинде дагы бир Жогорку Кеңештин депутаты Исхак Масалиев өзүнүн кесиптешин колдоду.

- Министрлерди берген анты менен кошо видеосун жарыя кылуу ашыкча болбос эле, - деди ал Vesti.kg сайтына. Андан сырткары, бул чараны депутаттарга да колдонуу керек, анткени булар да берген анттарын оюнан чыгарбай жүрмөк.

Вероника Малышева
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх