Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Сталбек Рахманов: Биз погончон адамдарбыз. Дайындоо тууралуу маселе талкууланбайт

Эми Бишкек ИИМБ мурдагы начальниги болуп калган ал, эмнеге анын жаңы кызматын баалабай коюуга болбостугун түшүндүрдү

Кыргыз Республикасынын ички иштер Министрлигинде кечээ кадрлык орун алмашуулар болду. ИИМ күбөлөрдү коргоо мамлекеттик Башкармасынын жаңы начальниги Сталбек Рахманов, Бишкек ИИМБ башчылыгынан бошоп, дайындалган жаңы кызматы тууралуу Vesti.kg сайты тууралуу комментарий берди.

Сталбек Кенешбекович ал башкара турган жаңы түзүм деле борбордук милиция башкармасындай эле олуттуу экендигин ырастады.

- Биз погончон адамдарбыз - бизге буйрук берилди, биз ал буйрукту аткарууга милдеттүүбүз, - деп баса белгиледи. - Мындай маселени талкуу кылганга болбойт. Ал эми бөлүкчөнүн өзү тууралуу айта турган болсок, ал бир нече жыл мурун түзүлгөн. Мындайча айтканда жаңы институт. менин оюмча аны эл аралык стандартка ылайык өнүктүрүп, жакшыртыш керек. Бул ишти ким олуттуу эмес десе, ал терең жаңылышат, анткени бул чоң жоопкерчилиги бар иш.
Эске салсак, Сталбек Рахманов Бишкек ИИМБ начальниги кызматында 2017-жылдын баш оона айынан бери иштеп келди.

Зулайка Эркимбаева
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх