Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кыргызстандын маичилери бир жумадан бери депутат Урмат Самаевдин машинасын издеп жатышат

Милиция депутаттын машинасы гаражда болушу да мүмкүн экендигин айтат

Чүй облусунун маилери бир жумадан ашык убакыттан бери Жогорку Кеңештин депутаты Урмат Самаевдин машинасын таба албай жатышат. Эске салсак, депутаттын айдоочусуна жасалма номер кадап алгандыгы үчүн айып салынышы мүмкүн.

ЖКККМБ аймактык бөлүмүнүн маалымат кызматы Vesti.kg сайтына айтып бергендей, жол кайгуул милициясына депутаттын автоунаасын табуу милдети жүктөлгөн.

- Ал айтылган машина менен Токмоктон табылбайт, анткени протокол али түзүлө элек, - деп комментарий беришти милициядан.

Ал ортодо Vesti.kg сайты ИИМ ЖКККМБ начальнигинин орун басары Нур Сатыбалдиевге кайрылып, эмне үчүн депутатты Бишкектен айып пул салганга болбойт, ал Ак үйдө иштейт го деп сурады.

- Ошол машинаны табууга буйрук берилген, - деп эскертти Нур Рысканович. - Эгерде аны Бишкектен тапса, анда күзөттөгү инспектор протокол түзөт. Бирок машина азырынча табыла элек. Кээде гаражга коюп салып, башка машина минип жүрө беришет.

Депутат Урмат Самаевдин кабылдамасындагылар Vesti.kg сайтына жасалма номерди депутат азыр алып салгандыгын билдиришти.

Бирок депутат ошол машинаны колдонуп жатабы же жокпу деген сурообузга жооп беришкен жок.
- Урмат Обозбекович өзү силер менен байланышып, маалымат берет, - деп жооп берди кабылдамасынан.

Эске сала кетсек, бирдин айынын отуз биринде Урмат Самаев rezonans.kg агенттигине интервью берип, жасалма номерлүү авто менен жүргөндүгүн ырастаган болчу. Бирок ал аны байкабагандыгын, айдоочусу өзү эле алмаштырып салгандыгын айткан.

Зулайка Эркимбаева
Сүрөт www

 

 

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх