Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Камактагы Бекболот Талгарбековду бир берене боюнча акташты

Соттолгон оппозиционердин үй бүлөсү аны бир айдан кийин камактан чыгып калат деп үмүт кылат

Жазасын өтөп жаткан «Элдик парламенттин» лидери Бекболот Талгарбековду «Бийликти күч менен басып алуу» беренеси боюнча күнөөсүз деп табышты. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына анын уулу Арстан Талгарбеков айтып берди.
Белгилүү болгондой, быйыл бирдин айынын алтысында Жогорку сот тийешелүү чечимди чыгарды.

Кыргыз Республикасынын жазык кодексинин 295 беренеси менен актады, бирок 299 берене (улут аралык кастыкты козутуу) беренесин күчүндө калтырышты, - деп тактады ал. Бирок биз ишти каратып толугу менен актатканга аракет кылабыз.

Бекболот Талгарбековду 14 жылга эркинен ажыратуу тууралуу өкүм чыккан, анын беш жылын «Улут аралык кастыкты козутууга» алган.

- Жалпы жонунан алганда 4 жыл үч ай мөөнөтү өттү, бирок биз шарттуу түрдө мөөнөтүнөн мурда бошотууга жетишебиз деп турабыз, ошондо бир айдын ичинде атамды бошотушат, - деп сөзүн аяктады Арстан Талгарбеков.
Эске салсак, ал мурда Vesti.kg сайтына анын атасы президент Сооронбай Жээнбековдон кечирим сурап жана ырайым кылууну өтүнгөн арызды бербейт деп билдирген эле.

Зулайка Эркимбаева
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх