Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Омбудсмен: КЭР кайра тарбиялоо лагерлеринде кыргыздардын бар экендиги такталган жок

Токон Мамытов бул маселе боюнча иштер уланып жаткандыгын белгиледи

Этникалык кыргыздардын кытайлардын кайра тарбиялоо лагеринде болуу фактысы азырынча такталган жок. Бул туурасында Vesti.kg сайтына Кыргыз Республикасынын омбудсмени Токон Мамытов билдирди.

Бизге Синьцзян-Уйгур автономдук округунда жашаган этникалык кыргыздар кайрылышкан, - деп эскертти ал. Бештин айында биздин элчилер эл аралык комиссиянын курамында СУАО барышты, жыйынтыгында Кытайда эч кандай кайра тарбиялоочу лагерлер бар экендигине эч кандай далил таба алышкан жок. Бирок мындай деп так, кесе айтууга али эрте. Жагдайды аныктоо иштери улантылып жатат.

Түшүндүрө кетели, КЭР элчиси Сяо Цинхуа кыргызстандык журналисттерге Кытайда эч кандай кайра тарбиялоо лагерлери жок экендигин билдирди.

«Бизде билим берүү борборлору бар, ал жерде жарандарды кесиптик илимдерге окутушат, - деп айткан элчинин сөзүн келтирет ЖМК. - Бул мамлекеттин өнүгүүсү жана стабилдүүлүгү үчүн зарыл. Элдер андай окуудан өткөн соң, аларга жумуш табуу мүмкүнчүлүг пайда болот. Белгилей кетүүчү нерсе, ал жерде эч ким күч менен кармалбайт».

Эске салсак, социалдык тармактарда, Кызыл-Суу автономдук аймагындагы кыргыздарды колдоо комитетинин баракчаларында этникалык кыргыздарга колдоо көрсөтүү боюнча мамлекет башчыга кайрылуулар пайда болгон.

Чыгарылышта камалгандардын арасында Кыргызстандын да жарандары бар экендиги белгиленген. Чыгарылыштын автору президент Кытайдын ички иштерине кийлигише албайт, бирок Кыргыз Республикасынын жарандарынын кармалыш себептерине кызыкканга укугу бар экендигин баса белгилейт.
Өз кезегинде депутат Дастан Бекешев журналисттерге ТИМ ал маалыматтын анык экендигин билүү үчүн кат жөнөткөндүгүн билдирген.
«300 кыргыз кармалды деген маалыматтар бар, ар жерде ар кандай маалымат. Мен ТИМ бул маалыматты такташын өтүнүп кат жолдодум. Эгерде маалымат такталса, анда нота жөнөтүп, биздин этникалык кыргыздарыбызга Кыргызстандын жарандыгын жеңилдетилген түрдө берүү сунушун киргизүү керектигин айтты», - деген эл өкүлүнүн сөзүн келтирет ЖМК.
Түшүндүрө кетели, тогуздун айында Кытай бийлиги уйгурларды кайра тарбиялоочу лагерлердин бардыгы тууралуу документти жарыя кылгандыгын Meduza билдирет.
Ал документте экстремизмдин таасири астында калган кишилерди «кайра тарбиялоочу жана кесиптик билим берүүчү борбору» бар экендиги айтылат. Кармалгандарды идеологиялык билим жана психологдордун консультациясынын жардамы менен кайра тарбиялашат деп айтышат кытай чиновниктери. Бирок укук коргоочулар ад жерде жашаган элдерди өз динин сындаганга жана андан баш тартууга мажбурлашат, ошондой эле Кытайдын лидери Си Цзиньпинге берилгендиги тууралуу ант бердирет дешет.
Экстремизм түшүнүгүнө ал документте өтө кеңири жоромолдоо кылынган. Мисалы, экстремист башка диндеги же улуттагы адамдар менен балдарынын никеге туруусуна каршылык кылгандар.
Документте Синьцзянда өкүм сүрчү эрежелерге тыюу салуу айтылат. Жергиликтүү калк паранжы жамынганга акысы жок, сакалын өстүрүүгө тыюу салынат, балдарына арапча ысым берүүгө жана алардын мамлекеттик билим алуусуна каршы чыгууга тыюу салынат. Ислам тарабынан таркатылган «халал» түшүнүгүнүн товарга коюлушуна (жей турган тамактан башка) болбойт. Ошондой эле жашоочулар телеберүү көрүп жана роадио угуусу зарыл.

Вероника Малышева
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх