Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Жогорку Кеңештин депутаты: Кыргызстанды чет элдиктер басып алды деп жатышат

Калдарбек Баймуратов Миграция кызматынын өкүлдөрү «антикытай митингинин» катышуучуларынын алдына чыгып сүйлөшү керек болчу деп билдирди

Кыргызстандын Мамлекеттик миграция кызматынын өкүлдөрү «антикытй митингинин» катышуучуларынын алдына чыгып сүйлөшү керек болчу. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Калдарбек Баймуратов билдирди.

«Сырткы миграция тууралуу» мыйзамга түзөтүү киргизүү долбоорун талкуулоо учурунда депутат социалдык тармактарда жарандар биздин өлкөнү чет элдиктердин басып алышкандыктарын айтып жатышат деп билдирди.

- Канча чет элдин жараны Кыргызстандын аймагында мыйзамсыз тураары сиздерге маалымбы? - деп кызыкты Баймуратов. - Турист болуп келип, визасын узартып калып калган жарандар барбы? Элдер Кыргызстанды чет элдиктер басып кетти деп жатышат.
Өкмөттүн өкүлү депутатка Кыргызстанга канча чет элдик жаран кирип жана чыгып жаткандыгы тууралуу айтып берди.
Чиновниктин берген жообуна эл өкүлү ыраазы болгон жок.
- Сиз аянттагы митингге чыккан элдин алдында ушул сөзүңүздү айтсаңыз болмок, - деди ал. - Расмий маалыматыңызды билдирсеңиз болмок да.

«Тышкы миграция тууралуу» мыйзам үчүнчү окууда каралуу үчүн алынып чыгат.

Зулайка Эркимбаева
Сүрөт www

 

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх