КСДП Атамбаевге калтырылган документтер башка бирөөнүн колуна тийип калышы мүмкүн эмес дейт
Партиядагылар болсо экс-президент шайлоо штабынын чыгымдары тууралуу документтерди эч кимге бербегендигин айтышат
Кыргызстандын мурдагы президенти Алмазбек Атамбаев Сооронбай Жээнбековдун шайлоо штабындагы «черная касса» деп аталган документтерин элге жарыя кылууга тийешеси жок. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына мурдагы шайлоо штабынын эсепчиси Надира Сатыгул кызынын видеокайрылуусуна комментарий берип, КСДП расмий өкүлү Кундуз Жолдубаева билдирди.
- Биз документтердин үчүнчү бирөөнүн колуна тийип калуусу тууралуу сөздү жокко чыгарабыз, - деп белгиледи ал. - Алмазбек Шаршенович эч кимге бербегендигин билебиз. Ал эми шайлоо штабынын мурунку эсепчисинин ЖМКгы видеокайрылуусу анын укугу. Ага журналисттер кайрылып, суроолоруна жооп берүүсүн суранган. Биздин аны менен эч кандай араздашуубуз жок.
Эске салсак, мурда Сооронбай Жээнбековдун шайлоо штабынын мурдагы эсепчиси Надира Сатыгул кызы камеранын алдында туруп Кыргызстандан эмнеге чыгып кеткендиги тууралуу айтып берген болчу.
Ал аял Алмазбек Атамбаевдин кеңешчиси Икрамжан Илмияновдун кармалуусунан кийин өлкөдөн чыгып кетүү чечимин кабыл алгандыгын билдирген. Анын айтымында, артынан аңдуу башталган.
Эске салсак, мурда Vesti.kg сайты КСДП расмий өкүлү Кундуз Жолдубаева шайлоо штабынын каржы маселеси боюнча ыйгарым укуктуу адамы Надира Сатыгул кызы жакынкы убакта Кыргызстанга кайтып келээри тууралуу билдирген.
Ошону менен бирге, КР ИИМ маалыматы боюнча, президенттикке талапкердин шайлоо кампаниясындагы чыгымдар тууралуу документтерди текшерүү аяктап калды. Борбордук шайлоо штабынын жетекчилери жана райондордун шайлоо штабынын начальниктери менен кызматкерлери суракка алынды. Учурда тергөө амалдары аяктады.
Каржы маселеси боюнча ыйгарым укуктуу Надира Сатыгул кызынын Кыргызстандын чегинен чыгып кеткендигине байланыштуу ал кайтып келгенден кийин, андан түшүндүрмө алып, анын жыйынтыгына карап ИИМ акыркы чечим кабыл алат.
Вероника Малышева
Фото www