­
Бишкектин маршруткачылары эми жол эрежесин такыр бузбай айдашаарын айтышты, бирок жетишпегендик бар - Вести.kg - Новости Кыргызстана
Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бишкектин маршруткачылары эми жол эрежесин такыр бузбай айдашаарын айтышты, бирок жетишпегендик бар

Айрым бир айдоочулардын жаңы шартка чыдамы жетпей жатат. Мушташ болуп кетти

Бишкектин айдоочулары «Коопсуз шаардын» биринчи күнүдө көргөндөрүн айтып бүтпөй жатышат

Мурдараак кыргызстандыктарды маршрутканын айдоочуларынын каз катар тизилишип, жол эрежесин такыр бузбай айдап калышканы тууралуу видеоо таң калтырды эле.

Ал ортодо Vesti.kg сайты маршрутка айдагандардын өздөрү менен маектеше салды.

Айдоочу Жалил Абдиевдин айткандары боюнча, айдоочулар эми чындап тартипти сакташат. Анткени менен эртең менен кээ бир көчөлөрдө дагы эле алдастоолор болуп жатат.

- Бүгүн 7-апрель көчөсүндө (Алма-Ата) бир чакырымга созулган тыгын болду, - деп билдирет ал Vesti.kg сайтына. - Чүй проспектине бурулган жерде светофор болгону 10 секундга гана жанат, ушунун айынан тыгын болуп жатат. Жок дегенде 25 секун күйүп турса жакшыраак болмок. Ошондой эле өкмөт 7-апрель жана Горький көчөлөрүнүн кесилишине көңүл буруп койсо болмок. Бул аймакта экинчи катардан кайрылууга уруксат бериш керек. Абдиев бул түзүлгөн кырдаалга жүргүнчүлөр да нааразы болуп жатышкандыктарын кошумчалады.

- Кесиптештер чарчашты, - деп улантат ал. - Бул жерде тургандан көрө үйгө кетем дешет көбү. Анда элдерди ким ташыйт? Андан сырткары, жүргүнчүлөрдүн өздөрү да арызданып жатышат. Элдер тыгындын айынан жумуштан калып бизди тилдешет.

Дагы бир маршруттук таксинин айдоочусу Алмаз Абдразаков автоунаанын айдоочулары токтотуу тилкесинен өтпөй жана светофордун кызыл жарыгында эч кимиси өтпөй калгандыгын белгиледи.

- Анча мынча кыйынчылыктар бар, - дейт ал Vesti.kg сайтына. Кээ бир көчөлөрдө экинчи катардан бурулууга мүмкүн болбогондуктан, баары биринчи катарга тыгылышат. Бүгүн бири бирине жол бербеген эки айдоочунун мушташына күбө болдум. Менин кесиптештерим иш таштоого чыгууга даяр. Жүргүнчүлөр жумуштан кечигип, бизди тилдеп жатышат. Ал эми тыгын болсо бизди жол эрежесин бузууга мажбур кылат.

Ал эми борбор шаардын маршрутка айдоочуларынын дагы бири Нурлан Назарбаев Vesti.kg сайты менен болгон маектешүүдө Бишкекте жол эрежесин сактап айдаганга аялдама жетишпегендигин айтты.

- Эреже бузуулар азайгандыгын моюнга алыш керек, - дейт ал. Бирок терс жактары да болуп жатат. Ал светофордун жоктугу. Мурда, бир айланып келүү бир жарым саат болсо, азыр эки жарым саат болуп жатат. Аялдамалардын санын көбөйтүп коюшса жакшы болмок. Ал эми азыркы колдо бар аялдамалар тээ совет мезгилинде курулган. Ал кезде эл аз болчу, бир гана автобустар жүрчү.

Бардык маршруткачылар чындап эле жол эрежесин сактап айдап калышкандарын моюнга алышты.

Эске салсак, Бишкекте «Коопсуз шаар» долбоорунун алкагында он көчө кесилиштерине камера орнотулган.

Зулайка Эркимбаева
Сүрөт www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх