Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Адиль Турдукулов: КТРК жаңы жетекчиси болуп калсам деген үмүтүм бар

Жакынкы убактарда ал тийешелүү документтерин тапшырат

Жарандык активист, укук коргоочу Адиль Турдукулов өзүннүн УТРК башкы директору болуп калуу мүмкүнчүлүгүн жогору баалайт.

- КТРК жетекчи болуу үчүн бир эле Байкоочу кеңештин эмес, элдин да колдоосу керек. Ошондой талапкерлерди эл тандаса, бийлик аны угуусу абзел экендиги баарына эле түшүнүктүү да, - дейт Турдукулов Vesti.kg сайтына. - Мен конкурска тийешелүү документтеримди тапшырам жана бул кызматты ээлөөгө мүмкүнчүлүгүм бар деп эсептейм. Менин бул жаатта билимим жана түшүнүгүм бар, телерадиокорпорациянын деңгээлин көтөрүүгө дараметим жетет.

Ал азыр анын билишинче ага тең келе алчу атаандаштын жок экендигин кошумчалады.

- Кандай болгонун көрө жатаарбыз, бирок үмүт бар. Болбосо мен документтеримди тапшырып убара болбойт элем да, - дейт жигердүү жаран.

Эске сала кетели, жалган куран айында азыркы КТРК башкы директору Илим Карыпбековдун ыйгарым укугунун мөөнөтү бүтөт.

Мурда ал Vesti.kg сайтына документтерин кайра дагы тапшыруу тууралуу ойлоно электигин, бирок анткенге мыйзам жол берээрин айткан эле.

Вероника Малышева
Сүрөт www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх