Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

«Кыргыз темир жолу» мамлекеттик ишканасын акционердик коом кылганга болобу?

Мамлекеттик ишкана Кыргызстандын экономикасын өнүгүүсүн алга сүйрөп кетиши мүмкүн

«Кыргыз темир жолу» мамлекеттик ишканасы - мамлекеттик казынаны толтуруп турган, жумушчуларды орун менен камсыз кылган жана өз убагында маяналарын миңдеген адамдарга бере алган бирден бир негизги обьектилердин бири. Миллиондогон суммалар салык кызматына жана социалдык фондго которулуп турат андан. Бир сөз менен айтканда, эгерде «Кыргыз темир жолу» мамлекеттик ишканасынын материалдык базасын жакшыртса, анда бул ишкана Кыргызстандын экономикасынын өнүгүүсүн алга сүйрөп кетиши мүмкүн.

Эгерде «Кыргыз темир жолу» мамлекеттик ишканасынан акционердик коом түзө турган болсо, анда өлкөнүн өнүгүүсү үчүн артыкчылык болушу мүмкүн экендигин өкмөт көрүп турат.

Эң чечүүчү учурларды карап көрөлү.

Биринчиден, мамлекеттик ишканага караганда акционердик коомдорго эл аралык уюмдар каржылык жардам көрсөтүүгө даяр экендиктерин билдирип жатышат. «Кыргыз темир жолун» каржылоо маселеси эч кимге деле жашыруун эмес. Бул коомчулукта көптөн бери талкууга алынып келе жатат.

Маалымат катары: Кыргызстандын темир жолу анчалык деле көп эмес. Тагыраак айта турган болсок, анда республика боюнча жалпы узундугу 424,6 км. 17 пайыз темир жолубуз капиталдык оңдоого муктаж, ошондуктан 95% жүк ташуу өлкөнүн негизги трассасы аркылуу жүрөт. Аны да өңдоо өтө зарыл азыр.

Эгерде «Кыргыз темир жолу» акционердик коом болсо, анда жолдорду тынымсыцз оңдоп туруу көйгөйү жок болмок. Анткени инвесторлорду тартуу жолу менен темир жолдорду оңдоп жана жүк ташуу темир жол аркылуу жүрмөк. Ошонун аркасы менен мамлекеттик трассанын жаны бир бир аз сеп алмак. Мисалы, 53% жүк ташуучу вагондор «Кыргыз темир жолу» мамлекеттик ишканасынын карамагында турушат, бирок эч жакка иштетилбейт.
Эгерде акционердик коом болуп кайра түзүлсө эч качан утулушпайт, тескерисинче утушат. «Кыргыз темир жолу» мурункудай эле мамлекеттин балансында кала берет, тагыраагы ММБФ карамагында болот.

Бирок кайра түзүү шарт эле боло калбайт, бул үчүн жок дегенде жарым жыл керек, балким бир жыл кетээр.
Кыргызстандын экономикасын өнүктүрүү үчүн Акционердик коомду түзүүнү мындан бир канча жыл мурун ойлонуш керек болчу. Бирок азыр да кеч эмес. «Кыргыз темир жолу» мамлекеттик ишканасына жакшылап көңүл буруп, элдин өнүгүп, өсүшү үчүн негизги темир жол трассасы катары колдонсо болот.

Автор: Каныбек Сапаров

Сүрөт www

 (Vesti.kg сайтынын көз карашы статьянын авторунун көз карашын билдирбейт)

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх