Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кубанычбек Кулматовдун туулган күнүн куттуктап тергөө абагына эч ким кирбейт

Анткени менен КСДП жана камактагы Бишкектин экс-мэринин жакындары ооз эки куттуктоолорун берип жиберишти

Камактагы Бишкектин экс-мэри Кубанычбек Кулматовдун бүгүн туулган күнү. Бирок аны куттуктап кире тургандарды чамасы ал күтпөй эле коёт окшойт.

Жогорку Кеңештин депутаты Ирина Карамушкина Vesti.kg сайтына билдиргендей, депутаттар партиялашын куттуктап УКМК тергөө абагына кирели деген ниеттери жок. Ошону менен бирге ал өзү да партиялаштарынын расмий ооз эки куттуктоосуна кошулаарын билдирди.

Өз кезегинде Кубанычбек Кулматовдун жактоочусу Сергей Слесарев Vesti.kg сайтына бүгүн эртең менен анын коргогон адамынын жакындары менен туугандарынын ооз эки куттуктоосун берип чыккандыгын айтты. Бирок үй бүлөсү жана башка келе турган адамдар менен жоолугушуу болушу күтүлбөйт
– Кубанычбек Кенешовичтин маанайы жакшы, өзүн жакшы сезип турат, - деп кошумчалады юрист.

Ал ортодо КСДП куттуктоонун текстин шардана кылып жиберди:

«Урматуу Кубанычбек Кеңешович!

Сизди чын дилибизден туулган күнүңүз менен куттуктайбыз. Сиз кайсы жерде, кандай кызматта иштебеңиз өзүңүздүн жакшы кесипкөй жана мамлекеттин кызыкчылыгын ишке ашырууда, бюджетти толтурууда пайдалуу менеджер экендигиңизди көрсөттүңүз.Сиз сыяктуу адамдар менен биздин Ата мекенибиз сыймыктанат.

Тилекке каршы, сиз азыр жалаа жабылып, оор кырдаалда турасыз. Бул нерсе сизди көрүп, билген кишилердин баарын өкүндүрөт.

Биз акыры түбү чындык жана адилеттүүлүк жеңээрине бөркүбүздөй ишенебиз, сиздин атыңыз ушак менен жалаадан тазаланып, өлкө үчүн дагы да болсо иштээриңизге тилектешпиз!
Сизге жана сиздин жакындарыңызга сабырдуулук жана бекем ден соолук каалайбыз. Туулган күнүңүз менен!».

Зулайка Эркимбаева
Сүрөт www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх