Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кыргызстандын мурдагы айыл чарба министри: «Чамасы, «Биз Орусияга эмес, бизге алар эт алып кирет окшойт»

Орусия Федерациясы Кыргызстандан эт алып кирүүнү 12 жыл мурун токтоткон болчу

2007-жылы алгачкы жолу Орусия Федерациясынын ветеринардык жана фитосанитардык көзөмөл боюнча Федералдык кызматы Кыргызстандан эт, эт өнүмдөрү, азык жана азык кошулмаларын Кыргызстандан алып кирүүгө тыюу салып, убактылуу токтоткон болчу. Бул тууралуу ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча Мамлекеттик инспекциянын маалымат кызматы билдирет. Буга өлкөнүн аймагындагы малдардын шарп оорусунун күч алышы себеп болгон.
«Кыргызстанда акыркы үч жылдын ичинде өтө жугуштуу оорулардын чыгышы катталган эмес, эпизоотикалык кырдаал, анын ичинде шарп оорусу жайылган эмес», - деп белгилейт Мамлекеттик ветеринардык инспекциядан.

Чектөөнү алып салуу келечекте эт өнүмдөрүн экспорттоого шарт түзөт, ЕАЭБ ишканаларынын реестринде көрсөтүлгөн чийки эттерди Кыргызстандын ишканалары ал жактарга алып кире алат дейт мекемедегилер.

Бирок Кыргыз Республикасынын мурдагы айыл чарба министри Төрөгул Беков, кырдаал ойку-кайкы болуп турат деп эсептейт. Кыскасы, ал Кыргызстандагы эпизоотикалык кырдаал жакшырып калды деген ойго кошулат:

- Биз деген эл аралык долбоорлорго катышпадык беле, мамлекеттик бюджеттен ал үчүн акеча бөлүнгөн, - деп түшүндүрдү ал Vesti.kg сайтына. - Ветеринардык коопсуздук үчүн атайын түзүм түзүштү, бул жаатта жакшы эле көзөмөл пайда болду. Менин оюмча, абал жакшы болуп калды азыр. Анткени менен этти Орусияга ташуу жакшы пайда алып келчү бизнес деп айтууга али эрте, деп белгилейт экс-министр. Себеби, эттин өздүк наркы бизге караганда Орусияда төмөн.

- Ошондуктан мен бул жерден эч кандай деле пайда чыгаарын көрбөй турам, - дейт Беков. - Алтургай урусат берилген өнүмдөрдү да көбүнчө эле артка кайтарып жатышат ар кандай шылтоо менен. Андан тышкары, бул уруксат берүү Орусия тескерисинче бизге эт алып келет дегенди түшүндүрөт. Ошондой болот. Мен Алтайдан ушул категриядагы өнүмдөр келээрин уктум.
Мекеменин мурдагы башчысынын оюнча, бул чектөөнү алып салуу чечими баарынан мурда саясий өңүттө болушу мүмкүн. Ал Орусияга санкия салынгандан баштап эле өлкө европалык импортчуларды башка өлкөлөр менен алмаштыргандыгын эске салды. Этти Европадан Орусияга да ташып келишчү.

- Ошентип, бул биз тараптан ойлонуп туруп таштай турган кадам, - дейт Төрөгул Беков.

2007-жылы Орусия Федерациясынын ветеринардык жана фитосанитардык көзөмөл боюнча Федералдык кызматы эт, эт өнүмдөрү, азык, азык кошулмаларынКыргызстандан Орусиянын аймагына киргизүүгө убактылуу тыюу салып койгон.

Ольга Федорчук
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх