Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Өмүрбек Текебаевдин ишин кайра кароо өтүнүчү Жогорку сотко жөнөтүлдү

Камактагы саясатчынын кызыкчылыгын эми «Адилет» укуктук клиникасы коргойт

«Адилет» укуктук клиникасынын юристтери Өмүрбек Текебаевдин кылмыш ишин кайра кароо өтүнүчүн Жогорку сотко жолдошту. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына клиниканын жетекчиси, Жогорку Кеңештин экс-депутаты Чолпон Жакупова билдирди.

Быйыл жаңы кодекстер күчүнө киргендигине байланыштуу, биз ишти кайра кароону суранабыз, - деп түшүндүрдү юрист. - Биз сотто анын кызыкчылыгын коргоону чечтик, анткени мурда адам укугу боюнча Эл аралык комитетте да коргогон болчубуз. Анын үстүнө Өмүрбек Текебаевдин жактоочусу Таалагүл Токтакунова азыр соттук териштирүүгө өзү да катышат.

Эске сала кетели, «Ата Мекен» парламенттик фракциясынын экс-лидери Өмүрбек Текебаев «Коррупция» беренеси менен соттолуп жана жазасын өтөп жатат.

Вероника Малышева
Сүрөт www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх