Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бишкек ИИМБ начальниги Адиль Турдукуловго «балбандарды» жиберген эмесмин деп билдирди

Канат Жумагазиев милиционерлер жумушта гана эмес, үйдө да тартиптүү болушуна жетишүүнү каалайт

Бишкекте тез арада бетин ачуу зарыл болуп турган, көптөгөн кылмыш иштери катталган. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына ордо калаабыздын ИИМБ жаңы начальниги Канат Жумагазиев айтып берди.

Канат Сагынович келечекке койгон ой, максаттары тууралуу, милиционерлердин кылмышкер жана жол кырсыгынын күнөөкөрү болуп калган учурлар тууралуу айтып берди.

- Чындыгында алдыга койгон максаттар көп, - деп баса белгиледи ал. Коомдук тартипти чыңдап жана эреже бузуулардын алдын алабыз. Андан сырткары, милиция кызматкерлеринин арасында тартипти күчөтөбүз. Укук коргоочулар бир гана кызматта эмес, үйүндө да тартиптүү болушу керек.

Жумагазиевдин сөзү боюнча, укук коргоочулар коомчулук үчүн ачык болууга максат коюшту.

- Биз WhatsApp каналын түздүк, ал жакка биринчи эле суткада сан миңдеген арыздар түштү, - дейт ал. - Андан сырткары, ЖМК менен жигердүү кызматташабыз.

Ошону менен бирге ал жарандык активист Адиль Турдукуловдун билдирүүсүн четке какты.

Адиль Турдукулов жакында эле журналисттерге Канат Жумагазиев Биринчи май РИИБ начальниги болуп турганда жана ошол кездеги Бишкек ИИМБ Мелис Турганбаев башчы болуп турганда ага күч колдонуп камакка алышкан.

«Ошол кезде мен фейсбуктан эскерткем: «Эгерде Мелис Турганбаев ушундай ыкманы уланта берсе, анда аны Коңгантиевдин тагдыры күтүп тургандыгын айткам».

Кээ бир жалпыга маалымдоо каражаттары аны көчүрүп алып чыгарышкан. Жумагазиев менден бул постту өчүрүүнү суранган. Албетте, мен макул болгонум жок. Ошол эле күнү кечинде «Кабардан» журналист кыздар чалышып, интервью берүүнү сурашты. Мен КУУ жанынан жоолугалы дедим. Мен ал жерден журналистке окшобогон, ашкере боёнгон кызды көрдүм. Чамасы, анын кесиби бөлөк окшойт. Анын артынан эки «күрөшчү» балдар чыгып, мени машинага сүйрөп кетишти. Мени менен Мелис байке сүйлөшөт дешти. Мен ушул убакытта Мелис Аспековго чалганга үлгүрдүм. Ал бат эле жетип келип, окуяны телефонго тарта баштады. Алар коркуп кетишти, бирок мага эскертишип: «Биз дагы келебиз» дешти. Мындай бандиттик ыкманы колдонгон Турганбаев менен Жумагазиевдин милиция системасында иштегенге моралдык да, мыйзамдык да укуктары жок деп эсептейм!», - деп Турдукуловдун айткандарын келтиришет ЖМК.

- Андай нерсе болгон эмес, - деди Жумагазиев Vesti.kg сайтына. - Менимче, аны Биринчи май РИИБ кызматкерлери кармаган болсо керек, бирок анын сөздөрү чындыкка коошпойт. Бул аны эмне максат менен айтып жатат билбейм.

Эске салсак, Канат Жумагазиев быйыл бирдин айынын жетисинде Бишкек ИИМБ начальниги болуп дайындалды.

Зулайка Эркимбаева
Сүрөт www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх