Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Мурда министрлерден жыйында оюн ойнобосун деп, телефондорун алып коюшчу

Мурдагы өкмөт башчылары Абылгазиевдин чиновниктердин жаш балага окшогон жоруктарын токтотуу аракетин колдошту

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев өкмөт мүчөлөрүнүн жүрүш-турушуна ачуусу келди, анын айтымында, министрлер кабинетинин жыйынында телефондон оюн ойношот.

Ал министрлерге эскертүү берип жана жыйынга кирээрде чиновниктердин уюлдук телефондорун алып коюуну тапшырды.

Vesti.kg сайты мурдагы министрлердин жүрүш турушу ушундай мамилеге татыктуу бекендигин текшерүүнү чечти.

Экс-вице-премьер Абдырахман Маматалиев Vesti.kg сайты менен болгон маегинде, мурун министрлер кабинетинде уюлдук телефонго карата айтылбаган мыйзам бар эле дейт.

- Абылгазиев туура эскертүү кылды, - деп баса белгиледи ал. - Эгерде министрлер телефон ойноп отурса, демек бул анын адамдык деңгээлин түшүндүрөт. Бизден алып деле койчу эмес телефондорубузду, бирок биз өзүбүз колдончу эмеспиз. Бул тууралуу жазылбаган мыйзам бар эле. Кээ бир кесиптештерибиз телефондорун иш бөлмөлөрүнө калтырып келишчү. Анткени андай кылуу эрежеге туура келбейт жана тартипсиздикти билдирет.

Мурдагы премьер-министр Игорь Чудиновго Vesti.kg сайты комментарий үчүн кайрылганда, ал өкмөт башчы болуп турган кезде жыйын болоордо баары уюлдук телефондорун жыйнап тапшыргандыгын белгилеп кетти.

- Мурда кире бериште атайын телефондорду калтыра турган шкаф болоор эле, - деп түшүндүрдү ал. - Дайыма ошондой тартип сакталчу. Бул кадимки эле эмгек тартиби, бардык өкмөт мүчөлөрү ошол эрежеге баш ийишчү.

Зулайка Эркимбаева
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх