Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Панфилов паркында үй куруп жаткан компаниянын мурдагы жетекчиси вице-мэр болуп калышы мүмкүнбү?

Асель Куламбаева кечээ өз каалоосу менен кызматтан кеткен арызын жазгандыгын билдирди

Бишкек шаарынын вице-мэри Асель Куламбаева кызматын өз каалоосу менен тапшырып кетти. Vesti.kg сайтына белгилүү болгондой, Бишкек шаар кеңешиндеги өздүк булактар кечээ анын өз каалоосу менен кызматтан кетүү арызын жазгандыгын билдиришкен.

Vesti.kg сайты Куламбаеванын өзү менен байланышканда, ал комментарий берүүдөн баш тартты.

Ал ортодо такталбаган маалыматтар боюнча, вице-мэрликке талапкер болуп Биринчи май райондук акиминин социалдык маселелер боюнча орун басары Гүлмира Жумабекова каралып жаткандыгы белгилүү болду.

Белгилей кетсек, мурда журналисттер Жумабекова акимдин орун басары болуп иштегенге чейин «Ливерпуль» деген курулуш компаниясын жетектеген. Бул тууралуу маалыматты Factchek.kg сайты тактап берди.

Ал маалыматтарда «Ливерпуль» ЖЧК менен «Елизавета» курулуш компаниясы биргелешип Жогорку Кеңештин жанына, иш жүзүндө Панфилов паркынын аймагына үй салууга катышы бар деп айтылат.

Эске салсак, Бишкек мэри Азиз Суракматов жана анын туугандары бир нече курулуш компанияларына ээлик кылышат. Алардын ичинен эң эле көзгө толумдуусу «Елизавета». Ордо калаанын муниципалитетинин маалыматы боюнча, былтыр аяк оонада Суракматов бир нече компаниялардын уставдык капиталдарындагы үлүштөрүн туугандарына ишенип башкарууга өткөрүп берген.

Эльдос Казыбеков
Эльвира Алабина
Сүрөт www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх