Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

«Келдибеков менен Бекназаровдун жоготкудай кайсы кадыр баркы бар эле?»

Алмазбек Атамбаевдин жактоочусу Жогорку Кеңештин мурунку спикерине, УКМК мурунку төрагасына жана Башпрокуратуранын мурдагы жетекчисине алардын мультимиллионер эмес экендигин далилдөөнү сунуштады

Бүгүн Бишкектин Октябрь райондук сотунда экс-президент Алмазбек Атамбаевге жана «Апрель» телеканалына карата коюлган доо боюнча экинчи сот отуруму болду.

Доочулардын Жогорку Кеңештин экс-спикери Акматбек Келдибековдун, УКМК мурдагы төрагасы Кеңешбек Дүйшөбаевдин жана мурунку башпрокурор Азимбек Беназаровдордун ойлору боюнча мурдагы мамлекет башчы «Апрель» телеканалы аркылуу алардын кадыр баркын түшүрө турган сөз айткан.

Алмазбек Атамбаевдин жактоочусу Кантемир Турдалиев мамлекет башчысы айткан сөздө доочулардын дарегине айтылган ушак же басмырлоо фактысы жок экендигин белгилейт. Алардын кадыр баркын түшүрүп жибере турган деле нерсе айтылган эмес дейт.

Ал сөзү куру болбошу үчүн Келдибеков, Дүйшөбаев жана Бекназаровдордун көп сандаган мүлктөрү тууралуу материалды окуду. Бул материалдар Атамбаев интервью бергенге чейин эле элге шардана болгон болчу.

«Кантип адамдар өмүр бою мамлекеттик кызматта иштеп, анан ушунча байлык топтойт? Топтой абашы турган сөз. Эгерде ал жарыя болгон материалдар жалган болсо, анда эмнеге ошол басылмаларды сотко беришкен жок? Алардын мүлкүн элге жарыя кылган бир да ЖМК сотко берип.ю өздөрүнүн актыгын далилдей алышкан жок. Ошолорду соттон утуп алып, өздөрү мультимиллионер эмес экендиктерин далилдеп туруп, анан Алмазбек Атамбаевди сотко бериши керек болчук», - деп билдирди Турдалиев. Андан сырткары экс-президент мурда жарыя болгон материалдарды гана кайталап койгондугун кошумчалады.

Ошондой эле, жактоочунун сөзү боюнча, доогерлердин Атамбаевдин интервьюсунан кийин кадырыбыз түшүп калды деген сөздөрү арык аттап, суу кечпешин айтты.

«Алар кайсы кадыр барк тууралуу айтып жатышкандарын мен билбейм. Тескерисинче, мен карапйым элдер менен сүйлөшкөндө алар мага кайсы баркы бар эле ошолордун деп жатышат» - деп сөзүн аяктады Кантемир Турдалиев.

Кийинки сот отуруму бирдин айынын жыйырма алтысына жылдырылды.

КСДП маалымат кызматы
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх