Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Жогорку соттун мурдагы төрагасы: Соттор канчалык деңгээлде парламентке баш ийишет

Конституциялык палата Кыргыз Республикасынын Жогорку соту депутаттардын алдында доклад жасоого милдеттендирген норманы алып салууну өтүнөт

Кыргызстандын мыйзамдарында Жогорку соттун төрагасын Жогорку Кеңештин алдында отчет берүүгө милдеттендирген бир да норма жок. Бирок депутаттар жылына бир жолу соттордун иши тууралуу маалымат алуусу каралган. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына КР ЖС мурдагы төрагасы, мурдагы депутат Курманбек Осмонов айтып берди.

Конституцияда Жогорку соттун төрагасы жылына бир жолу соттордун иши тууралуу маалымат бериши каралган, бирок аны отчет дегенге болбойт, - деп түшүндүрдү ал. - Эгерде кимдир бирөө сотторду депутаттардын алдында отчет берсин деген мыйзам демилгелесе, анда ал Башмыйзамга каршы келип калмак. Мыйзам боюнча сотторго эч жактан басым болбоосу керек, бир иш жүзүндө Жогорку соттун сотторун президенттин сунушу менен депутаттар дайындашат. Бул жагынан алып караганда соттор кандайдыр бир деңгээлде депутаттарга көз каранды.
Түшүндүрө кетели, Жогорку сот КР мыйзамынын 3 беренесинин 1 б.35 п. «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти тууралуу» мыйзамынын 2011-жылы жетинин айынын жыйырма бешинде чыккан Башмыйзамдын 3 берененин №223 2 пункту, 3б., 5 берене 1,2 б. 6 берененин 1,2 б. 74 берененин 9 б. конституцияга карша келет деп таануу сунушу менен Конституциялык палатага кайрылган.

Жоромолдонгон норма Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти тууралуу» Мыйзамынын 3 беренесинин 1 б. 35 пункту. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин алдында Кыргыз Республикасынын Жогорку соттун төрагасынын соттордун ишмердүүлүгү тууралуу маалымат берүүсү жана кайсы бир соттук иш тууралуу отчеттун талап кылынышы Башмыйзамга каршы келет.

Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеш тууралуу» мыйзамынын 3-беренесинин 1б. 35 пунктундагы норма Кыргыз Республикасынын Башмыйщамынын 58-беренесинин 1б. 30 пунктунда жазылган. Ал 2007-жылы тогуздун айынын жыйырма биринде референдум менен кабыл алынган. Ага ылайык Жогорку Кеңеш жыл сайын Конституциялык соттун, Омбудсмендин жана Жогорку соттун торагаларынын докладдарын угушат. Ал эми 2010-жылы референдумда кабыл алынган Кыргыз Республикасынын Башмыйзамында Жогорку Кеңештин бул ыйгарым укугу жок. Кыргыз Республикасынын Башмыйзамынын 74-беренесинин 9 б. башка ыйгарым укуктар бир гана Башмыйзамдын негизинде каралган.Бул норма Жогорку Кеңештин ыйгарым укуктарынын тизмеси бир гана Башмыйзамдын негизинде гана болот, аны укуктук нормативдик актылар же башка мыйзамдар менен толуктоого болбойт.
Андан сырткары, бул норма Башмыйзамдын 3-беренесинин 2 пунктуна каршы келет, ага ылайык Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик бийлик мамлекеттик бийликти бөлүштүрүү принциптерине негизделет.
Мамлекеттик бийликти мыйзам чыгаруучу, аткаруучу жана сот бийлиги бутактарына бөлүү өлкөнүн мамлекеттик бийликти уюштуруу принциптеринин маанилүү бир бөлүгү болуп саналат. 2018-жылы тогуздун айынын үчүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын чечиминде белгиленгендей, «Бул принципке ылайык бийликтин ар бир бутагынын өз орду бар жана ал өз милдетин гана аткарат. Бул принципке ылайык бийликтин ар бир бутагы өз алдын чалыкка жана көз карандысыздыкка ээ, ошондой эле ыйгарым укуктары да ошондой. Бул бийликтин ортосундагы тең салмактуулукту сактап турат. Бийликтин бир бутагы экинчи бир бутагына үстөмдүк кылуусунун алдын алат».
Ал жоромолдонуп жаткан норма мыйзам чыгаруучу бийликтин сот бийлигинин үстүнөн жүргүзүүчү өкүм зордугуна жол берет, анын кесепетинен бийликти бөлүштүрүү принциби бузулуп, сот бийлигинин көз карандылысыздыгы төмөндөйт.

Вероника Малышева
Сүрөт www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх