Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Татарстандагы имамдардын окуусу Кыргызстандагы мусулмандардын динге ашкере берилип кетүүсүнөн сактап калабы?

Эксперттер бул нерсеге мамлекет тараптан болгон колдоо негизги өбөлгө болот деп эскертишти

Ислам деген көп кырдуу. Татарстандагы Болгариянын ислам академиясынын окуусу биздин ата мекендин дин кызматкерлерине Кыргызстандагы диний радикализм менен болгон күрөштө жардам берет. Мындай деген пикирин Vesti.kg сайтына Кыргыз-Орус Славян университетинин окутуучусу, дин илимпозу Индира Асланова айтат.

- Эмнеге болбосун? Татарстанда теология мектеби атам замандан бери эле күчтүү, теологиянын өнүгүүсү терең, - деп түшүндүрдү ал. Бул биздин масхаб жана агым үчүн аябай жакшы вариант.

Эксперттин ою боюнча, исламдык билим алуу Кыргызстандагы экстремизмге багыт алган кээ бир жарандарды жакшы бжолго кайтаруу, алтургай комплекстүү иш алып баруунун элементи да болуп калышы мүмкүн.
- Биздин дин кызматкерлерибиз исламдын бир кылка эместигин жана мусулмандардын ар түрдүү экендигин түшүнүшөт, - деп эсептейт Асланова.
Мамлекеттердин диний кызматташтыгы жакшы нерсе, деген оюн айтат Vesti.kg сайтына Кыргызстан Диний башкармалыгынын бөлүм башчысы Акимжан Эргешов.

- Орусия менен Кыргызстандын мусулмандары мурунтан бери эле тыгыз катнашта, - деп белгиледи ал. - Мурун биздин китептердин баары Казанда басылып чыкчу. Советтик атеисттик мезгилде байланыш солгундай түштү, бирок эми байланышты күч алдыруучу мезгил кайрадан келди. Терроризмге каршы биргелешип иштөө өз жемишин берет.

Дин иштери боюнча Мамлекеттик комитеттин мурдагы башчысы Орозбек Молдалиев президент Сооронбай Жээнбековдун Кыргызстанда диний академия ачуу тууралуу айтканын эске салды. Бирок ал үчүн өлкөдө илимдин магистрлери, жогорку класстагы теологдор керек да. Чамасы, мамлекет башчы жетишпеген кадрларды Татарстанда окутуу үчүн келишим түзгөн өңдүү деп белгиледи ал Vesti.kg сайты менен бюолгон маегинде. Бул жакшыбы же жаманбы?

- Биринчи кезекте Татарстанда да, Кыргызстанда да ханафий масхабы таралган. Ошол эле убакта Сауд Арабиясында ханбалит масхабы, - деп түшүндүрдү ал. - Ошондуктан бул багыт биздин мекендештер үчүн жакыныраак. Биздин имамдарды мурда деле курстарга окууга чакырышчу, бирок эч кимиси каалаган эмес. Болгону бир нече гана адам окуп бүткөн. Азыр болсо кеп академия тууралуу болуп жатат, бул болсо таптакыр башка нерсе.

Мамлекеттик дин комитетинин мурдагы башчысы исламдашуу биздин мамлекет үчүн кооптуу жана сапаттуу дин билимин алуу жергиликтүү мусулмандарды ашкере радикалдашуудан сактап калмак деп баса белгиледи.

Бирок бул айтылган академияны иш жүзүнө ашыруудан көп нерсе көз каранды болуп турат.
Мисал катары Молдалиев имамдарды даярдоо институтун келтирди. Ал институт эч нерсеге жардам берген жок. Анткени мамлекет тарабынан колдооо болбогондуктан институт бат эле жабылып калды. Ал эми ал жерден бүтүп чыккандар башка кесиптин ээлери болуп кетишти.

- Болгар академиясын бүтуп чыккандар имам болушабы? - деп суроо салат ал. - Биз дайыма эле артык кылабыз деп тыртык кылып алчу элек.

Эске салсак, президент Сооронбай Жээнбеков Орусия Федерациясынын президенти Владимир Путин менен жоолугуп жатып Кыргызстандагы дин кызматкерлерин Татарстанда окутуу мүмкүнчүлүктөрү тууралуу талкуу кылышты.

Путин Татарстандын башчысы Рустам Миннихановго жана республиканын биринчи президенти Минтемир Шаймиевге ошондой мүмкүнчүлүктөрдү караштыруу жана тийешелүү системаны жөнгө салуу өтүнүчү менен кайрылды.

Ольга Федорчук
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх