Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Жогорку Кеңештин маалымат катчысы КТРК башкы директорлугуна ат салышып көрүүнү чечти

Ибрагим Нуракун уулу,өзү сыяктуу журналисттер өлкөнүн негизги телеканалынын тагдырына мындан ары көңүл кош карап тура албайт, деп билдирди

Жогорку Кеңештин маалымат катчысы Ибрагим Нуракун уулу КТРК башкы директорлук кызматы үчүн ат салышат. Өзүнүн бул чечими тууралуу ал Vesti.kg сайтына билдирди.

Өзүнүн айтуусуна караганда, ал документтерин тапшырды.

- Мен сыяктуу журналисттер мындан ары өлкөнүн негизги телдеканалынын тагдырына кайдыгер карап тура албайт, - дейт Нуракун уулу. - Анткени атактуу журналисттердин баары КТРКдан чыккан. Телерадиокорпорациянын өлкөнүн маданиятына кошкон салымы опол тоодой. Бүгүн каналдын кызматкерлери арзыбаган айлык менен иштеп, өлкөбүздүн жаркын келечеги үчүн күрөшүп келишет. Ибрагим Нуракун уулу азыркы жетекчилердин КТРК кошкон салымы жокко эсе дейт.

- 700 киши таң, күн дебей алты каналда жана радиостанцияда кошуп эмгектенишет, - деп баса белгиледи ал. - Мурунку жетекчинин тушунда жакшы өзгөрүүлөр болду эле, ушул кишилердин КТРК өнүгүүсүнө салым кошушкан. Байкоочу кеңеш кимди башкы директор кылып тандап алышы маанилүү эмес. Корпорация ошол деңгээлде өсө берет.

Жогорку Кеңештин маалымат катчысы КТРК тарыхында жаман жетекчи болгон эмес, анткени компаниянын кызматкерлери башкы директордун кадыр баркы үчүн иштешкен.

- КТРКнын кадыр баркы саясий оюндардын айынан түштү, - деп белгилейт. - Бул Аксы окуясын бир жактуу чагылдыруу, ошондой эле 2016-жылы «Белизгейт» материалдарын берүүдө айрыкча билинди. Ушул себептүү күнөөсүз адамдар эл алдында осол болушту жана каналдын кадыры үчүн кызматын таштап да кетпеди, жок дегенде кызматкерлердин алдында кечирим сурап да койбоду.

КТРК башкы директолрлугуна талапкер ошону менен бирге кызматкерлердин айлыгын көтөрүүнү убада кыл албастыгын билдирди.

- Дагы кошумчалап айтаарым, биз ачык айкын да болуп кете албайбыз, - деп мойнуна алат ал. Анткени КТРК - мамлекетик ишкана. Мыйзам менен бекитилген. Канал мамлекеттин саясатын жүргүзүүсү зарыл. Менин милдетим корпоарциянын кызматкерлеринин бетине кара так түшүрбөө. Андан сырткары, мен журналисттер менен чогуу кыйынчылыкты бирге тартууга даярмын.

Ибрагим Нуракун уулу Жогорку Кеңештин маалымат кызматын үч жылдан бери башкарып келет.

Зулайка Эркимбаева
Сүрөт www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх