Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Мэриянын аппарат башчысы эмне үчүн менчик еврей мектебинин кызыкчылыгын коргоп сүйлөгөндүгүн түшүндүрдү

Балбак Түлөбаев Бишкек мэриясы төлөгөн коммуналдык чыгымдарды бир убакта каражаттан кыйналган менчик мектеп төлөп берет деп божомолдогон

Бишкек шаар кеңешинин туруктуу комиссиясынын жыйынында ордо калаабыздын мэриясынын социалдык социалдык маселелер боюнча аппарат жетекчиси еврей мектебин коргоп сөз сүйлөдү. Мурда билдиргендей, менчик окуу жайы муниципалдык бала бакчанын ордун ээлеп турат. Еврей мектебинин коммуналдык чыгымдары көп жылдардан бери Бишкек мэриясынын бюджетинен төлонүп келген. БШК депутаттары имаратты кайрадан шаардын карамагына алып, бала бакча куруу керек деп эсептешет.

Бишкек мэриясынын аппарат башчысы Балбак Түлөбаев Vesti.kg сайты менен болгон маегинде эмне үчүн еврей мектебинин тарабын алгандыгын түшүндүрдү.

- Мен мэриянын атынан айтамын, биз ар кандай мектепти колдоого алабыз, - деди ал. - Еврей мектеби болобу, же башка болобу айырмасы жок. Шаарда мектеп жетишпейт. Окуу жайлары окуучуларга толгон. Еврей мектебинин коммуналдык чыгымдары Бишкек мэриясынын бюджетинен каржыланчу, анткени өз убагында ошондой келишим түзүлүп калган. Менимче, ошол мезгилде каржылык тартыштык болсо керек. Ошондон бери ушундай болуп калган. Бирок бул окуу жайда окуган окуучулар билим алуу үчүн акча төлөшпөйт. Шаар кеңешинин депутаттары мени колдобойбуз дешкен жок, болгону эмне үчүн узак жылдардан бери мектептин коммуналдык чыгымдары бюджеттен төлөнүп келгендигине кызыгышты.

Медина Купсулдаева
сүрөт www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх