Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Равшан Жээнбеков: Шадиевге эч кандай тийешем жок

Жогорку Кеңештин экс-депутаты өзүн уят болгон чиновниктердин үй бүлөсүнө тийешеси бар деген ушак сөздөрдү четке какты

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Равшан Жээнбеков мурда жарыя болгон маалыматты төгүнгө чыгарды, анда аны Бишкектин мурдагы мэри Кубанычбек Кулматовдун баласы менен мурунку депутат Аскарбек Шадиевдин кызына өкүл ата болду дешкен эле.

Vesti.kg сайты менен болгон маегинде ал мындай маалыматтар мурдатан эле таркатылып жүргөндугүн баса белгиледи.

- Бул калп, деп баса белгиледи равшан Бабырбекович. Менин Аскарбек Шадиевге кандай тийешем бар? Эч кандай мамилем жок аны менен. Мага жана мага окшогон көз карандысыз саясатчыларга 15 жылдан бери каралоо жүрүп жатат. Азыр болсо режимге байланыштуу ушундай нерселерди ойлоп таап жатышат.

Эске салсак, мурдараак Vesti.kg сайты Кубанычбек Кулматовдун мурунку аялынан төрөлгөн баласы Каныбек Аскарбек Шадиевдин кызы Саадатка үйлөндү деген маалыматты чыгарган болчу.

Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх