Жогорку Кеңештин депутаты чиновниктерден суунун баасын кантип бычасыңар деп сурады
Парламентте Суу кодексине түзөтүү киргизүүнү талкуулап жатышат
Депутат Карамат Орозова айыл чарба Министрлигинен суугатка пайдаланчу суунун баасын мекеме кантип бычышын сурады.
- Суунун өздүк наркы канча жана мекеме сууну экспортко чыгаруу үчүн кандай жол менен эсептейт? - деп сурады ал айыл чарба министринин орун басары Жаныбек Керималиевден.
Керималиев учурда бул маселенин үстүндө эксперттер иштеп жаткандыгын билдирди.
- Кыргызстандыктар үчүн суунун баасын бычуу улантылып жатат, - деп белгиледи ал. - Ал эми сууну чет мамлекетке чыгаруу үчүн өкмөттөр аралык келишим керек. Азыркы учурда Тажикстан жана Өзбекстан менен келишим жок. Казакстан болсо бизге сууну бергенибиз үчүн гана төлөйт, ал эми суунун өзүнө төлөшпөйт.
Түшүндүрө кетели, парламентте Кыргыз Республикасынын Суу кодексине түзөтүү киргизүүнү талкуулап жатышат.
Вероника Малышева
Сүрөт www