Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Тазабек Икрамов «Эл агартуунун мыктысын» мыйзамдуу жана эмгек сиңирип алдым деп көшөрөт

Жогорку Кеңештин депутаты өзүнөн наамды алып салганга негиз жок дейт

Жогорку Кеңештин депутаты Тазабек Икрамов коопсуздук Кеңешине келип түшкөн андан «Эл агартуунун мыктысы» деген наамды алып салуу өтүнүчү тууралуу маалыматка комментарий берди.

Ал Vesti.kg сайты менен болгон маегинде парламентте дайыма билим берүү тармагындагы көйгөйлөр тууралуу айтаарын жана ата мекендик спортко салым кошкондугун эскертти.

Менин кесибим били берүү тармагына тийешелүү. 2004-жылдан бери ушул жаатта иштеп, жаштарды спортко кызыктырып жана дене тарбиясынын өнүгүүсүнө салым коштум. Мен тарбия берген спортчулар республикалык гана деңгээлдеги ийгиликтерди багынтпастан, эл аралык аренада да жетишкендиктерге ээ болушту.

Депутаттын сөзу боюнча, ал Кыргызстандагы жаңы мектептердин курулуштарына кол кабыш кылган.

- 2015-жылдан бери Жогорку Кеңештин тарыхында биринчилерден болуп билим берүү тармагындагы көйгөйлөрдү көтөрдүм, - деп белгиледи депутат. - Үч жыл ичинде жаңы мектептер курулуп, эскилери оңдолду. Буга да менин кошкон салымым бар. Муну менин билим берүү Министрлигиндеги кесиптештерим билет.

Икрамов «Эл агартуунун мыктысы» төш белгисин ага Жогорку Кеңештин илим, билим, маданият жана саламаттык сактоо комитетинин сунушу менен тапшырышты деп баса белгиледи.

Эске салсак, мурда Vesti.kg сайты коопсуздук Кеңешинин катчысы Дамир Сагынбаевге «Эл агартуунун мыктысы» деген наамды Тазабек Икрамовдон алып салуу өтүнүчү менен арыз түшкөн.

Коопсуздук Кеңешинин Мамлекеттик коррупцияга каршы саясаттын стратегиясын ишке ашыруу боюнча жумушчу топтун мүчөсү, юридика илимдеринин доктору, профессор Кайрат Осмоналиев аталган сыйлыкты алуу үчүн сөзсүз түрдө 20 жылдык эмгек стажы жана КР билим берүү Министрлигинен алган Ардак грамотасы болушу керек экендигин Vesti.kg сайтына айтып берди. Осмоналиевдин сөзү боюнча Икрамовду тигиниси да, мунусу да жок.

Зулайка Эркимбаева
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх