Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Алмазбек Атамбаев менен Таирбек Сарпашевди алты миллион сом доого жыгат

Мамлекеттик каттоо кызматынын мурунку башчысы «улут» графасынын биометрикалык паспортко жазылбай калышы кантип моралдык чыгым алып келээрине түшүнө албайт

Активист Айдар Халиков мурдагы президент Алмазбек Атамбаев менен Мамлекеттик каттоо кызматынын мурунку башчысы Таирбек Сарпашевди сотко берет. Бул тууралуу ал Facebook баракчасына жазып чыкты.

«Мен Атамбаев менен Сарпашевди сотко бердим, анткени алар паспортубуздагы улут деген графаны алып салып, менин үй бүлөмө моралдык чыгым алып келди», - деп жазат ал. Халиков моралдык чыгымдын ордун толтурууга алты миллион сом талап кылат. Биометрикалык паспорттун көрүнө турган жериндеги улут графасынын жок болушу ага моралдык чыгым алып келген. Чыгымдын суммасын ал алты миллион долларга баалаган. Ал чыгарылышка жазган арызынын сүрөтун тиркеп койгон, арыл Аламүдүн райондук сотуна багытталып жазылган. Активисттин кызыкчылыгын жактоочу Шарабидин Токтосунов коргойт, деп билдирет ал Vesti.kg сайтына. Арыз берилди.

Юрист Айдар Халиковдун этникалык кыргыз экендигин, жакынкы убакка чейин Өзбекстанда жашап келгендигин түшүндүрдү Vesti.kg сайтына. Ал жактагы жашоосунун жакшы экендигине карабастан улутун сактап калам деп, атайын Кыргызстанга көчүп келген.

- Бул жерде болсо паспортто улутун жок кылып салышты, - деп айтат Токтосунов.

- Мамлекеттик каттоо кызматындагылар улуту чипте бар экендигин айтышкан ага. Биро аны эч ким көрбөйт, кимге көрсөтөсүң?

Траирбек Сарпашевдин жактоочуларынын бири доо арыз тууралуу уга элек экен. Ал Vesti.kg сайты менен болгон маегинде таң калгандыгын билдирди:

- Ошол кантип моралдык чыгым алып келсин, - дейт ал. - Кыскасы бардык жарандардын арызданууга акысы бар. Соттошо берсин.

- Ал 2017-жылдан баштап жарандарга берилген биометрикалык паспортто, улуту тууралуу маалымат электрондук чипте бар экендигин эскертти.
Социалдык тармактагы сүрөттөрүнө караганда, Халиков Турсунбай Бакир уулун, Садыр Жапаровду колдойт жана кытайга каршы митингдерге жигердүү катышат.

2019-жылы үчтүн айынын он бириндеАлмазбек Атамбаевге карата Акматбек Келдибеков, Азимбек Бекназаров жанга Кеңешбек Дүйшөбаевдер Октябрь райондук сотуна доо арыз менен кайрылышкан.

Мурунку чиновниктер Атамбаевдин «Апрель» телеканалынан алардын дарегине айткан сөздөрүнө нааразы. Ар бир доогер Атамбаевден жана теле каналдан 3 миллион сомдон талап кылып жатат, баары болуп 18 миллион сом.

Доо арызды кээ бир документтерджин толук болдбогондугу үчүкабыл албай койгон.

Ольга Федорчук
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх