Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын академиги: Аскар Акаевди академиктердин тизмесинен эч ким чийип таштай элек

Турар Койчуев Улуттук илимдер академиясынын Жалпы чогулушунун акыркы чечими эмнени билдирээрин түшүндүрүп берди

Аскар Акаев мурункудай эле Кыргызстандын Улуттук илимдер академиясында мүчө катары сакталып турат. Аны эч ким чийип салган жок. Бул тууралуу КР УИА академиги Турар Койчуев Vesti.kg сайтына берген маегинде билдирди.

- Эч кми эч кимди чийип салган жок, - деп түшүндүрдү ал. - Жыл сайын ушундай чогулуш болгондо, тизмедеги академиктерди текшеришет. Жыйынга келбей калган академиктерди ошол жыйынга катышкандардын тизмесинен чийип салышат. Биротоло эмес, ошол жолку жыйынга катышкандардын тизмесинен чийип салышат. Бирок алар Кыргызстандыфн УИА академиктери бойдон эле кала беришет. Болгону Аскар Акаевич бүгүнкү чогулушка келе алган жок, ошондуктан аны келгендердин тизмесинен чийп салышты. КР УИА академиктеринин тизмеси менен чогулушка катышкандардын тизмеси таптакыр эки башка нерсе.

Түшүндүрө кетели, ЖМК Кыргызстандын туңгуч президенти Аскар Акаевди Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын академиктеринин катарынан алып салгандыгын билдиришкен. Мындай чечимди жыл сайын өтүүчү КР УИА академиктеринин жана корреспондент-мүчөлөрү кабыл алышкан.

Белгилей кетели, Кыргызстандын Улуттук илимдер академиясы - Кыргыз Республикасындагы илимдер Академиясынын жогорку башкаруу органы.

Медина Купсулдаева
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх