Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Ташполот Балтабаев: Жаңы сыйлыктарды ойлоп тапкыдай, жыргап аткан жерибиз жок

Экс-депутат элдин көңүлүн саясатчылар атайылап эле негизги көйгөйлөрдөн башка жакка буруп жатат дейт

Азыр депутаттар жаңы сыйлыктарды ойлоп таап демилгелей турган жыргал мезгил эмес. Мындай деген оюн Vesti.kg сайтына Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Ташполот Балтабаев бөлүштү.

- Бийликтегилер жаңы сыйлыктарды ойлоп таап элди негизги көйгөйдөн алаксытып жатат. Бирок анысы өлкөнүн өнүгүшүнө жардам бербейт, - деп белгилейт ал. - Бул нерсе саясатка да, экономикага да тийешелүү. Азыр болгон күчтү коомду стабилдештирүүгө, тышкы саясатты чыңдоого жана экономикканы көтөрүүгө жумшоо керек. Азыркыдай маселелерди ошол көйгөйлөр азайган кезде көтөрсө болот.

Түшүндүрө кетели, депутат Кенжебек Бокоев Кыргызстанда «Эмгектин баатыры» деген сыйлыктын түрүн киргизели деген демилгени көтөрдү.

Анын сөзү боюнча, «Кыргыз Республикасынын баатыры» деген наамды чындап эле Чолпонбай Түлөбердиев сыяктуу эрдик кылган инсандарга берүү керек.
Ал эми эмгек менен аты чыккандарды аларга теңеп болбойт, - деп келтирет анын сөздөрүн ЖМК.

Өз кезегинде Кыргыз Республикасынын президентинин алдындагы мамлекеттик сыйлыктар боюнча комиссиясынын катчысы Жылдыз Сманбаева депутатка Кыргызстан - бул кичинекей өлкө, сыйлык системасы баардык жаатты кучагына алат, деп жооп берди.

«Бизде «Кыргыз Республикасынын баатыры» деген наам бар. Менимче ушул эле жетиштүү», - деп сөзүн бүтүрдү.  

Вероника Малышева
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх