Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бишкекте түрк мектебинин директору окуучуга ыдык көрсөткөн

Жогорку Кеңештин депутаты ордо калаабызда балдарга зомбулук көрсөтүп мыйзамсыз иштеп жаткан окуу жайы бар экендигин билдирди

Бишкекте түрк мектебинин директору окуучуга тийишип, ыдык көрсөткөн. Бул тууралууЖогорку Кеңештин жыйынында Ирина Карамушкина айтты.

Анын айтымында, мектеп мыйзамсыз иштеп жатат жана «Манас» университетинин аймагында турат.

- Директор өзүнүн бөлмөсүнө балдарды чакырган жана окуучулар менен талаага чыкканда окуучу балага тийишкен, - деп билдирди ал.
- Болгон нерсени 9 жаштагы бала айтып салгандыгы үчүн аны мектептен чыгарып жиберген. Кийинчерээк анын апасына дайыма кишилер келип, акча сунушташкан. Арызын алууну өтүнүшкөн.

Андан сырткары, депутат мектептин жетекчилиги ата энелерден Кыргызстандын жарандыгынан чыгып, түрк жарандыгын алууну талап кылышкандыгын билдирди.

- Балдарды 8-классты букөн соң Түркияга жөнөтүшөт жана алар ошол жактын аскеринде өлкого кызмат кылышат, - дейт Карамушкина. - Ал жерде биздин 200 ашык балдарыбыз окуйт.

Зулайка Эркимбаева
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх