Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

КТРК башчысы: Пара алды деп жатышкан журналист кыз, ооруп өргүүдө

Илим Карыпбеков телеканалдын жетекчилиги кармалган кыз алардын кызматкериби, же жокпу аныктайт деп билдирди

КТРК жетекчилиги пара алууга айыпталып жаткан журналист кыз алардын кызматкериби же жокпу аныктайт. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына телерадиокорпорациянын башчысы Илим Карыпбеков билдирди.

- Биз азыркы учурда биздин журналистибиз кантип пара алгандыгын аныктоого аракет кылып жатабыз, - деди КТРК башкы директору. - Соцтармактарда жана ЖМК жазып жаткан Эльвира Сатыбекова расмий түрдө ооруп өргүүдө.

Ал Сатыбекованын окуя болоордон бир күн мурда ооруп өргүү алгандыгын тактады.

Түшүндүрө кетели, бирдин айынын он тогузунда ЭКККМК кызматкерлери журналист кызды 30 миң сом пара алып жаткан жеринен кармады.

Ал кыз акчаны Канттагы бала бакчадан коркутуп талап кылуу жолу менен алгандыгы билдирилет.

Зулайка Эркимбаева
Сүрөт www


Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх