Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

«Бишкек мэриясын энергокомпаниялардын акционерлерине кошуу идеясы - популизм»

Эксперт жылуулук электр борборун Бишкек муниципалитеттин карамагына өткөрүп берген оң деп эсептейт

Бишкек мэриясын энергокмпаниялардын акционерлеринин катарына кошуу сунушу кезектеги эле популизм. Мындай пикирин Vesti.kg сайтына энергетика жаатынын эксперти Расул Үмбөталиев билдирди.

Түшүндүрө кетели, Жогорку Кеңештин депутаты Марат Аманкулов ордо калаа муниципалитетин энергокомпаниялардын акционерлеринин катары кошуу сунушун айтты. Андай болгондо мэрия электрокичистанцияларды куруп, аны акысыз турд аларга бериши керек болот.

Депутаттын сөзу боюнча, бул адилетсиздик. Анткени жыйынтыгында мэрия электр энергиясын төлөөдө эч кандай жеңилдиктерге да ээ болбойт экен.
- Бишкектин мэриясы кичи электростанцияларды куруп, мыйзам боюнча кийин ал энергокомпаниянын балансына өтөт экен. Чыгымдар төлонүлүшү керек, - деп түшүндүрдү Үмбөталиев. - Бирок иш жүзүндө андай болбойт. Бул жагынан алганда мыйзам алсыздык кылат. Анткени менен депутаттын көтөргөн демилгеси менен балким иштеп да кетиши мүмкүн, себеби мэриянын калкты электр энергиясы менен камсыздоо маселесин караган түзүмдүк бөлүктөр жок.
Расул Акматович ордо калаабыздын жылуулук электр борборун мэрияга өткөрүп берүү оң болоорун белгиледи.

- Азыр кызыктай болуп жатат: качан жылуулук жана ысык суу берилээрин мэрия чечет, бирок жоопкерчилигин албайт, - дейт ал.  

Вероника Малышева
сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх