Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Улуттук энергохолдингдин жетекчилери бөлүштүрүүчү компанияларды жоюлардын астында коркутушабы?

Анткени менен төлөмдөр аларда өмүрү болуп көрбөгөн таза кирешеден төлөнүшү керек

«Улуттук энергетика холдинг компаниясы» ААК жетекчилери өздөрүнө каржылык булак табууга берилген убакыт бир айдан кийин бүтөт. Эгерде таба алышпаса аларды жоюп салабыз деп премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев бир ай мурун убада берген.  

Бул тууралуу отун-энергетика комплекси боюнча эксперт, коомдук ишмер Расул Үмбөталиев эскертти.  

Ошондуктан мөөнөтүнүн аяктаарына бир ай калганда УЭХК төрагасы Азамат Абдыкадыров мурда Улуттук энергоходингди камсыздап турган бөлүштүрүү компанияларынан жалпы суммасы 31 млн. 278,9 миң сом карыз алууну чечкен.  

«ААК «Электр станциялары» - 5 млн 71,25 миң сом, ААК «Түндүкэлектро» - 8 млн 36,42 миң сом, ААК «Ошэлектро» - 6 млн 184,48 миң сом, ААК «Чыгышэлектро» - 5 млн 460,20 миң сом, ААК «Жалалабатэлектро» - 5 млн 502,43 миң сом, ААК «Бишкектеплосеть» - 831,80 миң сом, ААК «Чакан ГЭС» - 192,38 миң сом» берген, - деп жазылат ГАРТЭК директорунун 2019-жылы үчтүн айынын он төртүндө жазган №03-46/49 катында.

Алардын 2019-жылкы каржылык планында мындай берене жок жана болушу да мүмкүн эмес. Бул туурасында отун-энергетикалык комплексин жөнгө салуу боюнча Мамлекеттик агенттигинин директордун орун басары Миргүл Айдарова кол койгон № 03/1964 2018 -жылы жетинин айынын жыйырма үчүндө жазылган катында айтылат.

 «Северэлектро» ААК, «Востокэлектро» ААК, «Ошэлектро» ААК, «Джалалабатэлектро» ААК 2019-жылдын техникалык-экономикалык көрсөткүчүндө «Улуттук энергоходинг компаниясынын» ишмердүүлүгүн каржылоо каралган эмес, - деп жазылган катта.

Бул былтыркы жылдын карызы болчу деп көротүү менен каршы чыкса болот. Бирок акционердик коомдун филиалдары өздөрүнүн пайда алып келбегендигинен, чыгымдары башынан ашып кеткендиктен Улуттук энергохолдингге төлөмтөлөй алышкан эмес да.

Кыргыз Республикасынын «акционердик коомдор тууралуу» мыйзамынын25-беренесинде ишканаларды каржылоо бир гана өткөн жылдын календары боюнча киреше алып келген болсо гана ишке ашат деп жазылып турат. Ал эми бул энергокомпаниялар киреше алып келмек турсун, олчойгон чыгашалары бар болгондуктан УЭХК каржылай албайт.

Ошондуктан айрым энергокомпаниялардын жетекчилери УЭХК колдоону каалашпайт.
Ошондуктан алар киреше болгон учурда аны жалпы республикалык казынага төгүүнү билдиришет.

««Энергетикалык кемедеги» тополоң мамлекеттин тополоңуна барабар», - деп бул кырдаалга баа берет эксперт. Бул тополоңду басуу үчүн холдингдин жетекчилиги кээ бир акционердик коомдорго УЭХК ревизиялык комиссиясынын мүчөлөрүн жиберди. Алар  барып, тополоңчу жетекчилердин каржы-экономикалык былыктарын чубамакчы.

«Улуттук энергохолдинг туунду коомдорундагы «Кыргыз Республикасынын акционердик ккомдор тууралуу»  мыйзамынын алкагында гана иш алып барам деп моюн толгогондорго каршы террор уюштурду», - деп түшүндүрөт эксперт.
Анын оюнча, УЭХК жетекчилигинин иш аракеттери Кыргызстандын айрым бир аймактарындагы саясий абалдын курчушуна алып келиши мүмкүн.

«Бул мыйзамсыз жана кереги жок Улуттук энергохолдингди тез арада жойбосо болбойт. Булар пенсиянын жана жакыр үй бүлөлөрдүн жөлөк пу\луна деген акчаны өздөрүнө айлык акы кылып алып отурушат, - дейт коомдук ишмер. - Президент Сооронбай Жээнбеков анын ишине 2018-жылы бештин айынын он төртүндө коопсуздук Кеңешинин жыйынында өз баасын берди. Мамлекет башчы «Азамат Абдыкадыровдун келиши менен энергетика жаатында эч нерсе деле өзгөрүп кеткен жок» деп айтты».

Белгилей кетүүчү нерсе, өнөр жай, энергетика Мамлекеттик комитети 2016-жылы энергетикалык ишканаларды Улуттук энергоходлдингди каржылоого милдеттендирген. Техникалык-экономикалык пландар «УЭХК каржылоо» беренеси менен толтурулган.  

2017-2018 жылы ГАРТЭК холдингди камсыз кылууну «Ар кандай чыгымдарга» которууну  тапшырган.

2019-жылы каржылоо токтотулмак.

2019-жылы үчтүн айынын жыйырма экисинде Кыргыз Республикасынын премьер-министри энергетика жаатын реформалоо жана «Улуттук энергетикалык холдинг компаниясынын» ишинин пайдалуулугу тууралуу жыйын өткөрдү.

«Эгерде Улуттук энергохолдинг компаниясынын жетекчилиги эки айдын ичинде каржылык булактарды таба албаса, анда бул компания жоюлат», - деп билдирген өкмөт башчы.  

Ольга Федорчук
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх