Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Суталиновдун жактоочусу: Шаар соту биздин арызыбызды кароого эрки жетет деп үмүт кылабыз

Камактагы мурдагы УКМК башчысынын жактоочусу анын мөөнөтүнөн мурун бошотулушуна жетишем деп билдирди

Камактагы УКМК мурунку жетекчиси Мурат Суталиновдун жактоочусу Тимур Карабаев Vesti.kg сайтына Ленин райсотунун чечимине каяша арыз жазгандыгын билдирди.

- Менимче, сот Суталиновду камактан чыгаргандан мыйзамсыз баш тартты, - деп белгилейт юрист. - Биздин өлкөнүн жазык кодекси материалдык укук болуп эсептелет, анда адамдын эмне үчүн камала тургандыгы жана бошотула тургандыгы, же кандай кырдаалда жазалана тургандыгы жазылат. Ал эми кылмыш-процессуалдык кодекси болсо процессуалдык укук болуп эсептелет. Ал Жазык кодексинин материалдык укуктарын ишке ашырууга керек болот.
Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинде өтө катуу оору менен ооруган адам, өкмөттүн токтому менен калыбына келтирилүүгө тийиш деп так жазылган. Ал эми «тийиш» деген сөз өтө зарыл деген норманы билдирет.

Жазык-процессуалдык кодексинин бул норманы ишке ашырууда башкача кадамга барууга жолу жок.
Ошого байланыштуу соттун доо коюга акысы бар, бирок милдеттүү эмес экендиги - укук жана мамлекет теориясынын фундаменталдык постулаттарына таптакыр каршы келет. Ошонун негизинде, биз муну мыйзамсыз чечим деп эсептейбиз.

Укук коргоочунун ою боюнча, сот ыйгарым укугунан ашыра пайдаланып койгон.

- Сот ыйгарым укугунан ашыра пайдаланды, - деп билдирет Карабаев. - КР ЖК негизиндеги материалдык укукта императивдик норма бар, анда катуу ооруган адамды бошотуу сөзсүз түрдө аткарылат жана талкууланбайт деп жазылат. Андан сырткары, азыр өтө оор абалда турган адамды да эсепке алышыбыз керек. Мурат Абдыбекович паллиативдик дарылоого муктаж. Паллиативдик дарылоо - бул айыгуу үчүн дарылоо эмес экендигин түшунүүбүз зарыл. андай дарылоо тек гана адам өмүрүн колдогон аракет. Ал кыйналууну гана жеңилдетет. Ал аябай катуу ооруну сезип жатат. Химиотерапиядан соң аны ооруну сездирбөөчү күчтү каражаттар менен сайгылашат. Азырынча, дарыгерлердин айтымында бул каражаттар наркотикалык заттардын катарына кирбейт. Бул жакшы. Бирок анткени менен оорунун күч алуусу менен акырындап наркотикалык заттарды колдонбосо болбой калат. Мындай өңүттөгү колонияда жардам беришпейт.

Ошону менен бирге, Тимур Карабаев Суталиновду бошотууга негиз болчу бардык нерселерди жазып, арызды бергендигин билдирди.

- Ушул негиз болчу нерселердин баары аппеляциялык арызда жазылган, аны бүгүн Ленин райсотуна бердик, - деп улантат ал. - Мен шаардык соттун бул арызды кароо мыйзамдуу экендигин түшүнүшүнөн жана анын эрки менен туруктуулугу жетээринен үмүт кылам.
 
Медина Купсулдаева
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх