Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Мелис Турганбаев колонияда Өмүрбек Текебаев менен эмне тууралуу сүйлөшкөндүгүн айтып берди

ЖАМК башчысы түзөтүү мекемесинин акыбалы анын үрөйүн учургандыгын моюнга алды

Өмүрбек Текекбаев, Мурат Суталинов жана Карганбек Самаков жаза өтөп жаткан №47 колонияда жылуулук берилбейт. Бул тууралуу ЖАМК төрагасы Мелис Турганбаев Vesti.kg сайтына айтып берди.

Анын сөзү боюнча, ал жумуш сапары менен барганда Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Өмүрбк Текебаев менен сүйлөшкөн.

- Камактагылардын баары, өмүр бою эркинен ажыратылгандар, экстремисттер, ошондой эле саясатчылар менен жоолугуштум, - деп түшүндүрдү Турганбаев. - Текебаев менен бир гана колониянын шарттары тууралуу сүйлөштүк, эч кандай саясат тууралуу сөз болгон жок.

Мелис Токтомамбетович №47 колонияны ремонт кылууну пландап жаткандыгын айтты.

- Мен №47 колонияны көчмө долбоор сыяктуу кылайын дегем, - деп түшундүрдү ал. - Өндүрүштү калыбына келтирип, жылуулук берип, корпустарга ремонт кылуу керек. Соттолгон оорулуулардын баары анда дарыланып жатышат. Мен барып көргөндө үрөйүм учту. Ал жерде жылуулук жок экен. Мен түзөтүү колониясына акыркы жолу 20 жыл мурун киргем. Азыр ал жердеги абал Сталинград салгылашуусунан кийинкидей.

Сөзүнүн акырында ЖАМК башчысы жакында балалуу жана кош бойлуу кылмышкерлер турган аялдардын колониясына бараарын кошумчалады.

- Кандай өндүрүш бар экендигин жана эмнелерди киргизип, өзгөртүүнү изилдөө зарыл, - деп айтты ал.

Турганбаев №47 түзөтүү колониясына быйылкы жылы бирдин айынын он алтысында кирип кабар алды.

Зулайка Эркимбаева
Сүрөт www

 

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх