Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

«Эгерде Суталинов түрмөдө бир нерсе болсо, бул өлкөдө туруксуздукка алып келет»

Саясат таануучу Кайрат Осмоналиев катуу ооруп жаткан УКМК мурдагы башчысына президент Сооронбай Жээнбеков ырайым кылууну демилгелеши керек деп эсептейт

ЖАМК жаңы төрагасы Мелис Турганбаев №47 колонияга барганда камактагы УКМК мурунку Башчысы Мурат Суталинов менен жоолугуша алган жок. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына жазаларды аткаруу Мамлекеттик кызматынын башчысы өзү айтып берди.

Мурда Vesti.kg сайты Мелис Токтомамбетовичтин түзөтүү колоиясына кирип жана
Ранее Vesti.kg передавали о том, Мелис Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Өмүрбек Текебаев менен сүйлөшкөндүгүн жазган эле.

- Мен Мурат Суталинов менен жоолугушканым жок, аны менен баарлашайын дегем, бирок аны эртең менен химиотерапияга алып кетип калышыптыр, - деди Турганбаев. - Болбосо анын палатасына созсүз кирмекмин. Баарыбыз эле адам баласыбыз да.

Ошону менен бирге ЖАМК башчысы колонияга Суталиновдун туугандары кирип тураарын кошумчалады.

- Нускаманын алкагында жоолугушуу болот, - деп созүн аяктады ал.

Эске салсак, УКМК мурунку башчысы Мурат Суталинов 2010-жылы жалган курандын жетисиндеги окуя боюнча соттолгон.

Белгилүү болгондой, Суталинов катуу ооруп жатат. Дарыгерлер ага төртүнчү баскычтагы рак деген диагноз коюшту. Андан сырткары мурда бир бөйрогун алып салышкан.

Быйыл бирдин айынын он бешинде Бишкектин Ленин райондук соту Суталиновду мөөнөтүнөн мурун бошотуудан баш тартты. Ошого байланыштуу саясат таануучу Кайрат Осмоналиев өз пикирин билдирди.

Ал Vesti.kg сайты менен болгон маегинде УКМК мурунку башчысы камакта каза болуп кала турган болсо өлкөдө туруксуздук пайда болооорун белгиледи.

- Мен чечим чыгарган сотту билем, ал момун киши, - деп баса белгиледи Осмоналиев. - Бирок ал прокурорго карады. Мага мамлекеттик айыптоочунун позициясы жаккан жок, анткени өтүнүч жаңы кодекстер кучүнө кире электе берилген болчу. Эгерде Суталинов турмөдө каза болуп кала турган болсо мамлекеттеги башаламандыктын башаты болуп калат. Ошондуктан президент ага ырайым кылуу демилгесин колго алса туура болот деген ойдомун. Ал эми генерал өзү болсо эч качан ырайым сурабайт.

Кайрат Медербекович сот отурумунун залына Мурат Суталинов өзү келген күндү эске салды.

- Коомчулук Азиз Батукаевди кандай сый урмат менен узатышкандарын билишет, - деди ал. - Криминалдык төбөл куландан соо Орусияда сайрандап жүрөт. Генерал Суталинов Карагандыдагы милициянын жогорку мектебин бүтүргөн, 2010-жылга чейин кылмыштуулук менен күрөшкөн. Канчалаган адамдарга жардам берип, ондогон адамдарды криминалдан сактап калган. Азыр анын оорулуу абалын сезүү үчүн дарыгер болуштун деле кажети жок.

Саясат таануучу Суталиновдун ден соолугу тууралуу ал УКМК тергөө абагында жатканда билгендигин кошумчалады.

- 2011-2013 жылдары Чүй байкоочу кеңешинин төрагасы болгом, - деп тушундүрдү Осмоналиев. - Ошол учурда биз УКМК тергөо абагына киргенбиз, ал карышкырдын терисине оронуп жатыптыр. Мага анын бөйрөгүндө маселе бар деп түшүндүрүштү.

Ал сөзүн аяктап жатып коомчулук адилет чечимди күтүп жаткандыгын белгиледи.

Зулайка Эркимбаева
Сүрөт www

 

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх