Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Атамбаев менен Сарпашевди кайрадан сотко беришет. Жигердүү жаран акырына чейин турууга даяр

«Бир гана кыргыз элинин саткындары улут графасын жок кылганга кайыл болот»

Жигердүү жаран Айдар Халиков кайрадан мурунку президент Алмазбек Атамбаев менен МКК мурдагы башчысы Тайырбек Сарпашевди сотко берет. Бул туурасында ал Vesti.kg сайтына өзү айтып берди.

- Бир гана кыргыз элинин саткындары үчүн улутунун графасын электрондук чипке катып койсо эч нерсе болбойт, - дейт ал. - Мен чиптеги маалыматтарды кимге көрсөтөм? Мен кокустан чет мамлекетке барып калсам, кыргыз экендигимди кантип далилдейм? Мына ушул жерде түпкүлүгүбүздү жоготуу жана мамлекетке жаралган коркунуч катылып жатат.

Эске сала кетели, мурда Vesti.kg сайты жигердүү жаран Айдар Халиковдун Алмазбек Атамбаев менен Тайырбек Сарпашевди сотко бергендигин жазган эле. Арыздын себеби - биометрикалык паспорттун көрүнчү бетинен улут графасынын жоголушу болгон.

Халиков 6 миллион сом моралдык чыгым төлөп берүүсүн талап кылган. Бул жигердүү жарандын кызыкчылыгын жактоочу Шарабидин Токтосунов коргойт.

Юрист Vesti.kg сайтына Айдар Халиковдун Өзбекстанда жашаган этникалык кыргыз экендигин түшүндүрдү. Ал жактагы жашоосунун жакшы экендигине карабастан, улутун сактап калуу үчүн Кыргызстанга кайтып келген.

Аламүдүн райондук соту «кемчиликтерди толуктоо үчүн» арызды кайра кайтарып берген. Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунда доогер арыздын мазмуну жана формасы тууралуу нормаларды аткарган эмес, керектүү документтерди тиркеген эмес, ошондой эле паспортунун көчүрмөсү жок деп түншүндүрүштү.  

Эске сала кетели, 2017-жылы жарандарга берилген биометрикалык паспортто улуту, үй бүлөлүк абалы жана катталган жери тууралуу маалыматтар электрондук чипке катылган.

Ольга Федорчук

Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх