Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Экс президенттик кол тийбестиги бар туруп сөзсүз жазалоо деген кандай?

Эксперт: Депутаттар мурунку президенттин кол тийбестигин албаса керек, анткени өз жандарынан коркушат

Алмазбек Атамбаев Кыргызстандын бийликти тынчтык жолу менен өткөрүп берген биринчи жана акыркы преиденти болот. Кол тийбестикти алып салышса келечекте өлкө башчыларын эмне күтүп тураарын КСДП төрагасынын орун басары Ирина Карамышкина өткөн жумада болгон маалымат жыйынында эскертти.

«Эгерде президент бул мыйзам долбоорго кол коё турган болсо, анда ар бир эле президент экс деген наамга баруудан качат, анткени ага кылмыш иши козголот», - деди ал.

Чындап эле түзөтүү киргизүүнүн кесепети ушундай олуттуу болобу? Саясат талдоочулар бул суроого Vesti.kg сайтына жооп беришти.

Саясий маселелер боюнча эксперт Аркадий Гладилов, бул ой жоорууда Ирина Карамушкина Кыргызстандын мурунку тарыхына таянып жатат, аны туура түшүнүү керек, деп белгилейт.

- Эгерде ачык жана адилет иштесең кол тийбестикти алгандан эмнеге коркмок элең? - дейт ал. - Бирок ак иштесең деле биздин укук коргоо системасынан баарын күткөнгө болот, кимди болсун да каралап салышат. Биз Аскар Акаевдин артынан жана Бакиевдин артынан кандай иштер токулгандыгын жакшы билебиз. Мен мурдагы президенттин күйөрманы эмесмин, ар ким кылган ишине жооп бериши керек. Бирок биздин укук коргоо системасынын алсыздыгынан...

Кыскасы, Гладилов парламенттин мурунку президенттин иммунитетин алып салуусуна түзөтүү киргизишине ишенбейт. Анын пикири боюнча, «кол тийбестикти алуу» процесси көп убакыттарга созулушу мүмкүн.  

- Сиздер Жогорку Кеңештин курамына бир коз жүгүртүп көрүңүздөр, - дейт саясат талдоочу. - Баары ишкер, бай адамдар. Ал эми калканыч баарына керек. Жок дегенде парламентте отурган убактысында коргоно турган нерсе керек алар үчүн.

Эксперт биздин өлкө президенттин жана чоң кызматтагылардын эл алдында, же жок дегенде парламенттин алдында жооп берүүсүнө суусап турат.

- Мыйзамдарыбыз мыкты, бирок тилекке каршы алардын көпчүлүгү иштебейт, - дейт ал.

Белгилүү саясат талдоочу Марс Сариев Кыргызстанда кландык-корпоративдик мамиле күчтүү - коомдук түзүлүш ушундай экендигин эске салды.

Ошондуктан Ирина Карамушкина айткан нерсенин бизди кутүп тургандыгы чын, дейт ал Vesti.kg сайтына.

- Экстер жоопкерчиликке баары бир тартылабыз деп коркуп, бийликти узурпациялап, болгон күчүн салып бийликте калып калууга аракет кылышат, - деп макул болду.

Бирок Сариев мурунку лидерлерге кол тийбестикти калтырууга каршы. Ал Түштүк Корея колдонгон тажрыйбаны жактап сүйлөдү. Кеп сөзсүзжазалоо тууралуу болуп жатат.

- Мамлекетке чыгым келтиргендиги, кылмышы иши, оор күнөөсү кол тийбестигине каршы келип калат, - деп түшүндүрдү ал. - Бул нерсе элитаны тартипке салат, жоопкерчиликтүү болуп калышат.

Ольга Федорчук

Сүрөт www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх