Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Аманбол Бабакулов: Талкаланган машина менен тоноочулукту бийликтин мага болгон эскертүүсү деп билем

«Кытайларга каршы митингдин» лидерлеринин бири ага УКМК 10-башкармалыгынан чалып социалдык тармактагы постту өчүп коюуну суранышкандыгын билдирди

Бишкекте өткөн «кытайга каршы митингдин» жигердүү катышуучуларынын бири Аманбол Бабакулов кечээги окуянын чоо жайын айтып берди.

Анын айтымында, бирдин айынын 23нөн 24нө караган түнү ал машинасын үйүнүн жанына токтотуп койгон, ал эми эртең менен күтүлбөгөн окуяга дуушар болду.

«Кимдир бирөө машинамдын каптал жана арткы айнектерин талкалап, документтери менен папкамды жана 12 миң сом акчасы бар капчыгымды алып кеткен, - деп тактады ал. - Мен бул окуяны бийлик тараптан болгон эскертүү деп билем. «Кытайларга каршы митинг» болгон мезгилде менин дарегиме бийлик тараптан ар кандай коркутуулар болгон, ошондо мага 3 миң сом административдик айып салышкан. Жакында эле мен фейсбукта бийликти Таласта көмүрдүн исине ууланган энеси менен кыздын өлүмүнө күнөөлөп пост жазгам. Ал пост коомдук пикир жаратты, анткени мен бийлик элдин жашоосундагы учурларды эсепке албагандыгын жазгам. Ошондон көп өтпөй мага УКМК 10-башкармасынан чалып, постту өчүрүүнү өтүнүштү. Мен макул болгон жокмун. Анан бир канча убакыттан соң пост өзүнөн өзү жок болуп кетти, ким өчүргөндүгү белгисиз. Мен бир кечке фейсбуктагы баракчамды таба албай убара болдум, кимдир бирөө блоктоп салыптыр», - дейт Бабакулов.

Ал укук коргоо органдарына арыз жазды. Милиционерлер манжалардын тагын алышты, бирок кылмышкерлердин кол кап кийип иштегендиги белгилүү да.

Милициянын кандай көңүл бургандыгы бүгүн белгилүү болду.
«2019-жылы бирдин айынын жыйырма төртүндө Октябрь райондук ИИБ жазуу турүндөгү арыз менен 1985-жылы туулган Б.А. кайрылды. Ал 2019-жылы бирдин айынын 23нөн 24нө караган түнү, саат 18:00 баштап 10:25 чейинки аралыкта кимдир бирөөлөр анын күмүш түстөгү «Субару-Форестер» маркасындагы автоунаасынын арткы жана каптал айнектерин талкалап, документтери бар папкасын жана 12 миң сому бар капчыгын уурдап белгисиз бир жакка из жашырып кетишкен. Ошонусу менен алар Б.А. материалдык чыгым келтиришкен. Бул факт ИИМ Октябрь райондук БККР катталды.

Бул факт боюнча милиция кызматкерлери кылмыш кылгандарды табуу үчүн зарыл болгон чараларды көрүп жатышат. Учурда сотко чейинки өндүрүш жүруп жатат», - деп билдирет Бишкек ИИМБ маалымат кызматы.

Толкун Сагынова
Сүрөт www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх