Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

«Билим берүү министрин отставкага гана кетирүү керек»

Коопсуздук Кеңешинде Тазабек Икрамов алган «Эл агартуунун мыктысы» деген наамдын мыйзамсыздыгы тууралуу арызга азырынча жооп берише элек. Бирок окуу китептери менен Башпрокуратура алектенип жатат

Коопсуздук Кеңеши азырынча юрист Кайрат Осмоналиевдин арызына жооп бере элек. Бул тууралуу ал Vesti.kg сайтына өзү билдирди.

- Аз эле убакыт өттү, - деп түшүндүрдү ал. - Бирок окуу китептери менен Башпрокуратура алектенип жатат, кылмыш иши козголду.

Башпрокуратура сапатсыз окуу китептери тууралуу

Чындыгында, Кыргыз Республикасынын Башпрокуратурасынын сайтындабир нече күн мурун билим берүү Министрлиги тууралуу маалымат пайда болду. Көзөмөлдөөчү орган ал жерден жаңы киептерди тираждоо жана жаңы китептерди иштеп чыгууда консультанттардын кызматынан пайдаланууда бир катар каталарды тапкан. Мисалы, 2016-жылы баш оона айынын онунда ЖЧК «БК» келишимдин шарттарын бузуу менен 5-класстар үчүн табият таануу жана 6-класстар учүн географиядан жаңы китептерди иштеп чыгуу боюнча өз милдетин конкурстун башка катышуучусуна «И» деген компанияга берип жиберген. Ал жарыя кылынган талапка жооп берген эмес. 2016-жылы баш оонанын жыйырма алтысында «БК» билим берүү Министрлигинин мыйзамсыз буйругу менен Координациялык кеңештин комиссиясына окуу жылынын биринчи чейрегине топтолгон кол жазмаларга баа берүү үчүн көрсөтүлгөн. Ал жаңы китептер 2012-жылы чыккан китептердин эле көчүрмөсү болгон. Табият таануу боюнча ал ктипти 5-класстар азыр да колдонуп жатат.

Кетирилген бардык каталарга карабастан Кыргыз билим берүү академиясынын окумуштуулар кеңеши, мекеменин техникалык жана конкурстук комиссиясы аларды басууга бергенге макул болушкан. Жыйынтыгында 2018-жылы колдонууга жараксыз окуу китептери пайда болгон. Аларды иштеп чыгып басууга кеткен каражаттын суммасы 32 миллион 749 миң 363 сомду түзгөн.

Ошолну менен бирге Дуйнөлук банк «Билим берүү секторунундагы реформа» долбоорун колдоо иретинде 16,5 миллион АКШ доллар кредит жана гранттарды беришкен. Анын ичинен 5-6 класстардын жаңы окуу китептери үчүн 4 миллион 168 миң 50 АКШ доллары жумшалган.

«Текшерүүнүн жыйынтыгында, министрликтин кызматтагы адамдары, Дүйнөлүк банктын долбоорду ишке ашыруу бөлүмү, Кыргыз били берүү академисы, эксперттик топтун мүчөлөрү, айтылган ЖЧК жетекчилери менен конкурстук, техникалык комиссиянын катышуучуларынын аракетинде Кыргыз Республикасынын жазык Кодексинин 204 беренесинин 3б. «Алдамчылык» жана 320 беренеинин 4 б. «Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу» каралган кылмышгтын белгилери бар. Бул факт БККР катталды, андан ары сотко чейинки өндүрүш иши улантылат, - деп айтылат сайтта. - Бул багытта текшерүү улантылууда».

Министр Гульмира Кудайбердиеванын иши эмне менен коштолот?

- Менимче, буд иш да Бишкек ЖЭБ сыяктуу болот, болгону билим берүү тармагында, - деп болжолдойт Осмоналиев.

- Эгерде Кыргыз билим берүү академиясын жоюп салганда мындай окуя болбой калат беле. Азырынча коррупцияга каршы стратегияны бетине кармап турат, болбосо капкачан жоюп салышмак.

Профессор эгерде коопсуздук Кеңеши материалдарды Башпрокуратурага бергенден кийин билим берүү Министрлигин текшерүүнү демилгеше турган болсо, анын жыйынтыгы Гульмира Кудайбердиева үчүн жаман болуп бүтүшү мүмкүн.

- Ал былтыр эки жолу сөгүш алган, ошондуктан премьер-министр аны жөн эле отставкага кетирип салууга акысы бар, - дейт ал.

Документтерге кол коюу жоопкерчилиги (мисалы, Тазабек Икрамовго «Эл агартуунун мыктысын» берүү) баары бир министрге жүктөлөт. Ага дагы окуу китептерине кеткен 32 миллионду илишет.

Тактама

Эске сала ккетсек, мурда Vesti.kg сайты коопсуздук кеңешинин катчысы Дамир Сагынбаевге коопсуздук Кеңешинин Мамлекеттик коррупцияга каршы саясаттын стратегиясын ишке ашыруудагы көзөмөл, боюнча жумушчу топтун мүчөсү, юридика илимдеринин доктору, профессор Кайрат Осмоналиевдин кайрылуусун берген эле. Ал Тазабек Икрамовдон «Эл агартуунун мыктысы» наамын алып салууну талап кылган. Анткени бул наамды берүү билим берүү Кыргыз Республикасынын Министрлиги тарабьнан көз көрүнө мыйзам бузуу. Тактап айтканда, 2016-жылы бекитилген КР ИБМ системалык коррупцияны талкалоо боюнча иш чаранын Деталдаштырган деп аталган планын аткарган эмес. Ал пландын талаптарынын бири Кыргыз билим берүү академиясын жоюп, анын аткарган кызматын билим берүү Министрлигинин болукчөлөрүнө кошуу болчу. Анткени билим берүү деңгээли кыйроочу чекке жетип калган.

Бирок анын ордуна мекемедигилер КАБ кайра түзүүнү чечишти, болгону ал жактан кадрларды кайра даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу Борборун бөлүп алып КР билим берүү Министрлигинин астындагы педагогикалык кадрларды кайра даярдоо жана квалификациясын жогорулатууну Республикалык институттун базасында кайра түзгөн.

Бул чечимдин жыйынтыктары бизге белгилүү: 2018-жылы билим берүү Министрлиги бир катар окуу китептерин басып чыгарды, ал китептердин каталары алтургай балдарды да таң калтырды. Башпрокуратурадагылар 5-6 класстар үчүн «География» жана «Табият таануу» боюнча окуу китептерин техникалык комиссия менен биргеликте ката экендигин бекитишти. Бирок Кыргыз билим берүү академиясындагылар өздөрүнө коюлган айыпты четк кагышат, деп берген Vesti.kg сайты.

Тазабек Икрамов болсо кийинчерээк Vesti.kg сайты менен болгон маегинде «Эл агартуунун мыктысын» туптуура эле, мыйзамдуу алганмын деп көшөргөн болчу. Анткени, ал дайыма өзү айткандай, билим берүү тармагындагы көйгөйлөргө жана ата мекендик спорттун өнүгүшүнө салымын кошкон.

- 2015-жылдан баштап Жогорку Кеңеште иштегенден бери мен билим берүү тармагындагы маселелерди жигердүү көтөрүп келем, - деп белгиледи депутат. - Үч жылдын ичинде көптөгөн жаңы мектептер курулду, ошондой эле бар мектептер оңдолду. Мунун ишке ашышына менин салымым зор. Муну менин кесиптештеримда, билим берүү Министрлиги да билишет.

Ольга Федорчук
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх