Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Дүйшөнбек Зилалиев: Эгерде менин жакындарымдын бирөө эле жабыркаса, мен ал адамдарды жазалоонун жолун табам

Экс-вице-премьер анын туугандарын коркутуп жана ага каршы көрсөтмө берүүнү талап кылып жатышкандарын билдирди

Камакка алынган экс-вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиев жакындарына кысым көрсотүп жатышкандары тууралуу кайрылуусун элге жарыя кылды.

«Мен бир жылдан бери кылмыш ишин адилеттүү иликтенүүсүн чыдамдуулук менен күттүм. Алтургай былтыр тогуздун айында Биринчи май райондук сотунун мыйзамсыз өкүмү чыкканда да мен үндөбөй, аппеляциялык инстанцияда адилеттүүлүккө жетишем деп тургам. Бирок мага менин кимдир бирөөго жолтоо болуп жатканымды, жана бул иш буйрутма экендигин айтышкан болчу. Менин ал убакта үмүтүм бар эле. Бирок Бишкек шаар соту кайрадан токулган иш боюнча айыптоочу чечим чыгарып салды. Эми баары белгилүү болду. »

«Бомба» иши жана андан мурунку «салык декларациясы» боюнча иш - мунун баары окшош иштер. Мени «бомба» иши боюнча ишимди жабуудан уялышты, эми алар мени камаганга негиз бар деп эсептешти. Бирок бул андай эмес. «Декларация тууралуу» иштин ойрону чыкканы эми белгилүү болду. Тергөөгө мага бир нерсе таап илгиле деген тапшырма берилген, мени эмне кылып болсо да бул жактан чыгарбоо керек.
Анан да менин туугандарыма жана жакындарыма кысым көрсөтүшүп, коркутушуп, мага каршы көрсөтмө алганга аракет кылып жатышат. Эскертип коёюн, эгерде менин жакындарымдан бир киши жабыркаса, мен аларды жазалоонун жолун эртеби же кечпи табам.

Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх