Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

«Адиль Тойгонбаевдин иши – баштан аяк макулатура»

Алматынын шаардык соту Аскар Акаевдин мурдагы күйөө баласынын мүлкүн тартып алуу тууралуу чечимин жокко чыгарды

Кыргызстандын экс-президентинин күйөө баласына карата өкүм мыйзамсыз чыккан. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына белгилүү жактоочу Икрамидин Айткулов билдирди, ал мурда анын мурунку аялы Бермет Акаеванын кызыкчылыгын коргогон.

-Соттун чечими бул жерде, Кыргызстанда чыгышы керек эмес болчу, - дейт ал. – Бардык материалдар мыйзам боюнча Казакстанга өткөрүлүп бериши керек болчу. Адиль Тойгонбаев биздин жаран эмес. Ал Казакстандын жараны, ал ошол жакта. Мыйзам боюнча, эгерде чет элдин жараны биздин аймагыбызда кылмыш кылса, бирок ошол мезгилде өз өлкөсүндө болсо, анда бардык документтер Казакстанга өткөрүлүп берилиши керек. Казакстандын укук коргоочулары бул материалдардын негизинде маселени чечиши керек болчу.

Ошону менен бирге Айткулов Кыргыз Республикасынын жазык процессуалдык кодексинде соттолгон адамга карата сыртынан чечим чыгара турган норма жок экендигин эске салды.

- Биздин мыйзам боюнча, эгерде айыпталуучу өлкөдө жок болсо ишти сотко жөнөтүүгө мүмкүн эмес, - деп улантат юрист. – Ал бекинип качып кетти деп эсептейли. Бирок кандай болгон күндө да ишти сотко өткөрүүгө болбойт. Биздин жазык процессуалдык кодексибизде андай норма жок. Сыртынан соттоого болот, бирок бул норма тергөө бүткөндө иш менен таанышып, иши сотко жиберилген жарандар үчүн. Сотко келген учурда качып кеткен болсо соттоого болот. Ал эми ишти сыртынан эле сотко өткөрүүгө болбойт. Бизде андай мыйзам жок. Андан сырткары, материалдарда ч кандай мыйзамга каршы нерсе жок экендигин айткым келет. Тойгонбаевдин кылмыш кылгандыгын далилдөөчү кандайдыр факт жок. Ал жерде таштан аяк макулатура чогулган. Бир да күбө каршы көрсөтмө берген эмес. Баары божомолго негизделген.

Түшүндүрө кетели, бүгүн Алматынын шаардык соту казакстандык Адиль Тойгонбаевдин мүлкүн камакка алуучу чечимди жокко чыгарды. Медеу райондук сотуна Кыргызстандын кирешесине келтирген материалдык чыгым жана айып салуу тууралуу өтүнүч жиберилген. 2018-жылы теке айынын үчүндө биринчи инстанциянын соту Биринчи май райондук сотунун өтүнүчүн Казакстандын аймагында канааттандыруу чечимин чыгарды. Бирок Адиль Тойгонбаевдин жактоочусу Алматы шаардык сотуна аппеляциялык арыз тапшырды. Быйыл бирдин айынын жыйырмасында апелляциялык комиссия жактоочунун өтүнүчүн канааттандырып райондук соттун чечимин жокко чыгарды.

Эске салсак, 2005-жылы баш оона айында Кыргызстандын туңгуч президенти Аскар Акаевдин кызы Бермет Акаеванын мурдагы күйөөсү Адил Тойгонбаевди камакка алууга Кыргыз Республикасынын башпрокурору ордер берген. Казакстандык алдамчылыкка, өтө чоң өлчөмдөгү уурулукка жана салыкты төлөбөй качууга айыпталган. Тойгонбаев өлкөдөн качып кетип, издөө жарыя кылынган. 2016-жылы жалган куран айында анан Интерпол тарабынан Дубай шаарынын аймагынан кармалгандыгы билдирилген (ОАЭ).

Медина Купсулдаева
Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх