Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Толкунбек Абдыгулов: Ссуданы акырындык менен төлөйм. Акча Кыргыз Республикасынын Улуттук банкына түшөт

Улуттук банктын башчысы өзү башкарган мекеменин  жана өзүнүн бедели үчүн ушундай кадамга баргандыгын түшүндүрдү

 Кыргызстандын Улуттук банкынын төрагасы Толкунбек Абдыгулов мурда кечтирип салган үйгө деген ссудасын төлөй турган болду. Бул тууралуу КРУБ башчысы бүгүн маалымат жыйынында билдирди.

 Ал мындай чечимди банктын кадыр баркы түшпөсүн деп кабыл алгандыгын белгилеп кетти.

- Акыркы үч айда бул маселе коомчулукта аябай кызуу талкууга алынды жана кечтирип салуунун мыйзамдуулугу тууралуу маселе көтөрүлдү, - дейт Абдыгулов.

 - Башпрокуратура тарабынан ссууданын берилиши жана кечилишинин мыйзамдуулугу текшерүүгө алынды. Анын берилишинин мыйзамдуулугу тууралуу чечим кабыл алынды. Ошол эле убакта коомчулукта КРУБ төрагасы катары менин ишкер беделим, ошондой эле Улуттук банктын кадыры катуу талкууга алынды. Ошондуктан мен кечилген ссуданы кайра өз эрким менен төлөөнү туура көрдүм.

 Ошону менен бирге ал бул кечилген ссудалар Улуттук банктын таржымалында биринчи жолу эле болуп жатпагандыгын билдирди.  

 - Азыркы убакта нормативдик-укуктук актыларга өзгөртүү киргизилип жатат, андан соң төлөмдүн нормасы жазылат, - деп кошумчалады Абдыгулов. - Мен ал сумманы акырындык менен төлөйм, акча КРУБ эсебине түшөт.

 Эске салсак, Толкунбек Абдыгуловго 4 миллион 824 миң сом өлчөмүндөгү ссуда кечилип жиберилген.  

 Зулайка Эркимбаева

Сүрөт www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх