Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Саламаттык сактоо Министрлигинен министр кандай кызматтык авто колдоноорун айтып беришти (сүрөт)

Мекемеде кызматтык транспортту колдонуу боюнча мыйзам бузуу аныкталды

Кыргызстандын саламаттык сактоо Министрлигинин автобазасында мыйзам бузуу аныкталды. Бул туурасында Фейсбук социалдык тармагынан Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо Министрлигинин Коомдук кеңешинин төрайымы Нурхан Жумабаева билдирди.

Анын маалыматы боюнча, учурда саламаттык сактоо Министрлигинде автолор үчүн жоопкерчиликтүү орган белгиленген эмес, ошондой эле санитардык транспортту туура пайдалануу боюнча саясат жок.

«Санитардык автотранспорт 50 пайызга эскилиги жеткен, бирок дагы эле колдонулуп жатат. Техникалык абалынын канааттандыраарлык эместигиненен жол кырсыктары көп болот», - деп жазат ал.

Ошондой эле Жумабаева КР саламаттык сактоо Министрлигинин автобазасында 42 машина бар экендигин жана анын 16сы оңдолбогон абалда экендигин билдирет.
«Колдо бар 26 машинанын бешоо жолтандабастар, алар министр менен орун басарларын ташыйт. бул болсо КР окмөтүнүн 2011-жылы бештин айынын отузунда чыгарган №767 токтомуна каршы келет. Республикалык 12 саламаттык сактоо ишканаларынын балансында 45 даанадан ашык санитардык жана жеңил автотранспорттор бар, лардын айрымдары белгилүү себептер менен автобазадан чыгарылып кеткен. Ал ишканалардан наркологиялык жана техникалык көзөмөл жок. Автомашиналар күн, түн дебей колдонулат, майрам, дем алыш күнгө да карабайт», - деп билдирет КР саламаттык сактоо Министрлигинин Коомдук кеңешинин төрайымы.

Ал ортодо Vesti.kg сайты саламаттык сактоо Министрлигинин автобазасынын директору Мирлан Жоошев менен байланышка чыкты.

Ал өз кезегинде авторанспорттор жол кырсыгына учурады деген маалыматты четке какты.

- Баланста 41 машина бар, - деп тактады ал. - Советтик автолордон баштап чет элдик маркадагыларга чейин бар. Техникалык абалы жакшысы да бар, жаманы да бар. Бирок жол кырсыгы боло элек.

Автобазанын башчысы машиналар ооруканалар менен министрликтин кызматкерлерине кызмат көрсөтөөрүн айтты.

- Саламаттык сактоо Министрлигин төрт автомобиль тейлейт, алардын бири кызматтык Toyota Land Cruiser 200 министр Космосбека Чолпонбаевдики, - дейт Жоошев. - Калгандары ооруканаларда медицина кызматкерлерин жана оорулуууларды ташыйт. Ал эми транспортту туура пайдалануу боюнча эч нерсе айта албайм, мен алардын артынан кечке жүрбөйм да.

Андан сырткары, баланы жана энени коргоо Улуттук борборунда мыйзам бузуу аныкталды. Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо Министрлигинин алдындагы Коомдук кеңештин төрайымы Нурхан Жумабаева оорукананын администрациясы текшерүүгө каршы болуп, тийешелүү документтерди берүүдон баш тартты деп билдирди.

«эне-баланы коргоо Улуттук болрборунун балансында 7 даана транспорт бар, анын ичинде3 жеңил авто, 1 тез жардам жана 2 реанимобиль,1 бус. Эгерде борбордун акыбалы ушундай бюолуп жатса, аймактарды элестетүү кыйын», - деп кошумчалады ал.

Зулайка Эркимбаева
Сүрөт www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх