Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Сооронбай Жээнбеков Эрдоганды туулган күнү менен куттуктады

Кыргызстандын президенти түрк кесиптеши тарабынан жасалган реформалар жана мамлекеттик жаратууларды белгилеп кетти

Кыргыз Республикасынын президенти Сооронбай Жээнбеков түк кесиптеши Режеп Тайип Эрдогонды туулган күнү менен куттуктады.
«Туулган күнүңүздүн урматына чын жүрөктөн айтылган куттуктоолорду жана жылуу каалоолорду кабыл алып коюңуз.

Бүгүнкү күндө Түркия өз жолун таап, түрк элинин жыргалчылыгы үчүн ишенимдүү кадам таштап баратат. Сиз жүргүзгөн мамлекеттик реформалар жана жаратуулар өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө негиз болуп калды жана элдин турмушунун жакшырышы менен Түркиянын эл аралык аренада беделинин сындалышына негизги тирек болду.

Элдердин достугуна, өз ара жардамдашууга жана өз ара түшүнүшүүгө багытталган кыргыз-түрк стратегиялык кызматташтыгы сиздин колдооңуз менен күндөн чыңдалып баратат.

Сизге ден соолук, узун өмүр, мамлекеттик ишмердүүлүгүңүздо ийгилик, ал эми боордош Түркиянын элине тынчтык жана бакубаттуулук каалайм!», - деп белгиленет Жээнбековдун куттуктоо телеграммасында.

Президенттин аппаратынын саясий маалымат бөлүмү
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх