Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

БУУ Комитетинин Текебаевдин иши боюнча суроосу Кыргыз Республикасынын өкмөтүнө жөнөтүлгөн

«Ата Мекен» фракциясынын лидери Алмамбет Шыкмаматов эл аралык уюм камактагы саясатчынын тарабында болооруна ишенет

БУУ адам укугун коргоо Комитети Жогорку Кеңештин мурунку депутаты Өмүрбек Текебаевдин ишин каттоого алды. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына «Адилет» укуктук клиникасынын директору, мурдагы депутат Чолпон Жакупова билдирди.

- Биз бүгүн БУУ Комитетинен расмий жооп алдык, - деди Чолпон Идиновна. - Алар тийешелүү суроолорду Кыргыз өкмөтүнө жөнөтүштү.
Жакупова түшүндүрүп бергендей, алты ай ичинде министрлер кабинети Комитеттин кайрылуусуна жооп кылышы керек, андан соң арыз бергендерге жооп даярдоого эки ай берилет. Эл аралык уюм алты айдын ичинде карап бүтөт.

Ал ортодо Текебаевдин партиялашы, азыркы «Ата Мекен» фракциясынын лидери Алмамбет Шыкмаматов БУУ Комитетинин чечими соттолгон саясатчынынбошотулушуна негиз болуп берет деди.

- Менин оюмча, Комитет адилет чечим чыгарат, - дейт Шыкмаматов Vesti.kg сайтына. - Текебаев бир да далили жок камалган, бул эл аралык укуктардын бардык нормаларына каршы келет.

Эске салсак, мурдагы депутат ӨмурбекТекебаев жана ӨКМ мурунку башчысы Дүйшөнкул Чотонов орусиялык ишкер Леонид Маевскийден уюлдук оператор MegaCom башкарууга мүмкүнчүлүк алып берем деп 1 миллион АКШ долларын алган деп айыпталып жана Кыргыз Республикасынын жазык Кодексинин «Коррупция» беренеси менен соттолушкан. Экөөнү тең мүлкүн камакка алуу менен 8 жылга эркинен ажыратышкан.

Эльдос Казыбеков
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх