Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Москвада өткөн көк бөрү боюнча мелдеш орусиялыктардын жүрөктөрүнүн үшүн алып, алар өткөрбөө тууралуу өтүнүч келтирип жиберишти

Башка мамлекетте кыргызстандыктардын ушундай көрүнүштү уюштургандыгы туура болдубу?

Орусия жарандары кыргыздардын улуттук оюну болгон «көк бөрүнү» Орусия Федерациясынын аймагында ойнолбосун деген өтүнүчкө кол топтой башташты.

Буга быйыл Москвада бирдин айынын жыйырма төртүндө өткөн кыргызстандыктардын мелдеши себеп болду.

Ал өтүнүчкө бүгүнкү күндө беш миңдей адам кол койду. Анын демилгечилери Орусияда жаныбарларды коргоо боюнча мыйзам бар экендигин баса белгилешти.

«Менимче, бул ашыкча кетүү. Спорт деп алышып, жаныбарларды кыйнап жатышат. Байкуш аттар моралдык да физикалык жактан да басынып жатышат. Биз өнүккөн мамлекетте жашап жатабыз, жаныбарларга болгон ар кандай зомбулук улуттук уят болуу деп эсептелет. Ал улуттун жетишкендиги эмес», - деп жазат өтүнүч ээси.

Орусиялыктардын нааразычылыгын тарых илимдеринин доктору, профессор Айнура Арзыматова айтып берди.

Vesti.kg сайты менен маектешкенде ал чет мамлекетте жашаган кыргыздарды ошол мамлекеттин мыйзамын сактоосу керектигин баса белгиледи.

- Орусиялыктардын нааразычылыгын туура түшүнүүгө болот, алар үчүн бул нерсе жапайычылык, - деп баса белгилейт ал. - Эгерде биз башка жерде жашап жатып өзүбүздүн улуттук салтыбызды алардын мыйзамына туура келбесе да таңууласак, анда туура болбой калат. Орусияда жаныбарларды коргоо мыйзамы бар, ошондуктан ал норманы сактоо керек. Андан сырткары, биздин салтыбыз башкалар үчүн жапайы болуп көрүнүшү мүмкүн. Мисалы, койдун башын мейманга тартуу бизде сыймык, ал эми европалыктар үчүн бул таң калыштуу. Жиликтеп, мээсин чыгарып мейманга сунат.

Эске салсак, «көк бөрү» боюнча мелдеш Москвада Мекенди коргоо күнүнө арналып өткөрүлгөн.

Зулайка Эркимбаева
Сүрөт www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх