Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Садыр Жапаровдун иши: Жактоочу сотко кайрылууга ниеттенип жатат

Мурунку депутаттын жактоочусу Башпрокуратура анын ишин кайра кароодон баш тарткандыгын билдирди

Башпрокуратура Жогорку Кеңештин мурдагы депутатынын ишин кайра кароодон баш тартты. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына камактагы саясатчынын жактоочусу Шарабидин Токтосунов билдирди.

Учурда мурунку депутаттын жактоочусу Биринчи май райондук сотуна кайрылууга ниеттенип жатат.

- Мурда ишти кайра кароодон бизге Бишкек шаардык прокуратурасы баш тарткан, - деп эскерди ал. - Андан соң биз башкы көзөмөл органына кайрылдык эле, бирок баш тартышты, жаңы күчүнө кирген кодекстерге ылайык сот ишти кайрадан карап чыгышы керек болчу.

Эске сала кетели, Садыр Жапаров 11 жыл алты айга эркинен ажыратылган. Аны «Барымтага алуу» беренеси менен соттошкон.

Экс-депутатты 2013-жылы Ысык-Көл облусундагы өкмөттүн ыйгарым укуктуу өкүлү Эмилбек Каптагаевди барымтага алууда айыпташкан.

Зулайка Эркимбаева
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх