Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Жогорку Кеңеште «Себат» мектептеринин ишмердүүлүгүн текшерүүнү суранышты

Талант Мамытов көптөгөн өлкөлөрдө бул окуу жайды сепаратисттик деп табышкандыгын эскертти

Депутат Талант Мамытов укук коргоо органдарынан жана илим жана билим берүү Министрлигинен «Себат» мектебинин ишмердүүлүгүн текшерүүнү сурады. Бул тууралуу ал Жогорку Кеңештин пленардык жыйынында айтты.

- Көп өлкөлөрдө бул мектеп сепаратисттик деп табылган, бирок Кыргызстанда ал өз ишин улантып жатат, - деп белгиледи ал. - Анткени менен акыркы убактарда ал жердеги мыйзам бузуулар тууралуу өтө көп арыздар түшчү болду. Жакында эле жалпыга маалымдоо каражаттары ал жердеги балдарды кордоо тууралуу жазып чыгышты. Аларды текшерүү үчүн тийешелүү органдарга тпротоколдук тапшырма берүүнү суранам.

Мамытов бул мектепке окутабыз деп ата энелери көп акча коротуп жатышкандыктарын кошумчалады.

- Текшерүүнү мүмкүн блолушунча тез кылуу керек, эгерде мыйзам бузуу тастыкталса чара көрүү зарыл, - деп сөзүн бүтүрдү ал.

Вероника Малышева
Сүрөт www

 

 

 

 

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх